Судья Жумабаев Латип Пазылович жөнүндө жаркын элес

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2025-жылдын 14-июнунда судья Жумабаев Латип Пазыловичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен билдирет.
Шум ажал кесипкөй инсанды, сүйүктүү атаны, кадырлуу адамды арабыздан алып кеткендиги кабыргабызды кайыштырды.
Латип Пазылович Жумабаев 1956-жылдын 10-июнунда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кароол айылында жарык дүйнөгө келген. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктагандан кийин, эмгек жолун стажёр болуудан баштаган, андан соң тергөөчү, кийин Жаңы-Жол, Ысык-Ата, Ак-Суу жана Аламүдүн райондорунун прокурору болуп эмгектенген.
2000–2017-жылдары Чүй облустук прокуратурасында жетекчилик кызматтарды аркалап, жооптуу милдеттерди аткарган.
2019–2020-жылдары Латип Пазылович Жумабаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү болуп эмгектенген, ал эми 2020-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан Конституциялык соттун судьясы болуп шайланган.
Иштеги жетишкендиктери, ак ниет эмгеги үчүн Конституциялык палатанын II даражадагы медалы менен, ошондой эле 2022-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланган.
Анын юстиция жаатындагы көп жылдык эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, ага «Кыргыз Республикасынын юстициясына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылган, ошондой эле жогорку квалификациялык класстагы судья ченинин ээси болгон.
Латип Пазылович мыйзамга бекем берилгендиги, терең конституциялык ой жүгүртүүсү, даанышмандыгы жана адамгерчилиги менен айырмаланган инсан эле. Ал өзүнүн иш билгилиги, кесипкөйлүгү, жогорку адеп-ахлактык сапаттары менен ар дайым башкаларга үлгү болгон.
Акыркы жылдары Латип Пазылович оор илдетке чалдыгып, бул жармашкан оору кесиптешибизди арабыздан алып кетти.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Латип Пазыловичтин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.
Латип Пазыловичтин жаркын элеси конституциялык мыйзамдуулуктун мыкты адиси катары жүрөгүбүздө түбөлүк сакталып калат.