Меню навигации+

Тегерек стол: «Конституциялык сот адилеттигинин контекстинде сот бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин өз ара мамилелери»

01.11.2022

Бишкекте «Конституциялык сот адилеттигинин контекстинде сот бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин өз ара мамилелери» темадагы тегерек стол өтүүдө.

Иш-чарага #ConstsotKG судьяларынын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөлөрү катышууда.

Тегерек столдо Конституциялык сот менен Жогорку Кеңештин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана мындан ары арттыруу суроолору талкууланды.

Мындай иш-чараны өткөрүү коомду конституциялаштырууда, Конституцияны коргоо жана сактоодо, мамлекеттеги мыйзамдуулукту камсыздоодо бийликтин мыйзам чыгаруу жана сот бутактарынын ар биринин ролун өз ара түшүнүүгө жана алардын өз ара тыгыз иштешине өбөлгө түзөт деп эсептейбиз.

“Конституциялык Сот адилеттигинин контекстинде сот жана мыйзам чыгаруу бийлигинин өз ара мамилелери” натыйжалуу тегерек столунда кийинки баяндамалар угулду жана талкууланды:

  • Медербек Алиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасы — Конституциянын алкагындагы парламенттин ролу, орду, миссиясы;
  • Александру Тэнасе, ЕБ “КР укуктун үстөмдүгү – 2-фаза” программасынын негизги эксперти – Конституциянын эң лигитимдүү чечмелөөчүлөрүнүн бири катары конституциялык көзөмөл;
  • Эмиль Осконбаев, КР Конституциялык сотунун төрагасы-Кыргыз Республикасында конституционализмди камсыз кылуунун жогорку формасы катары Конституциялык сот адилеттиги;
  • Гуля Кожокулова, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана КР Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү — Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерин ишке ашыруунун айрым маселелери;
  • Меергуль Бобукеева, КР Конституциялык сотунун судьясы — Конституциялык соттун чечимдери жана алардын мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунда Конституциялык маданиятты калыптандырууга тийгизген таасири;
  • Алла Спале, Латвиянын юстиция Кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси – Латвиядагы Конституциялык соттун чечимдерин аткаруу (онлайн);
  • Марат Джаманкулов, КР КС Аппаратынын жетекчиси — Конституциялык соттун чечимдеринин юридикалык күчү жана аларды аткаруунун тартиби.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан, Евробиримдиктин «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгү – 2-фаза» программасынын колдоосу менен уюштурулду.