Укугум — тирегим: студенттер Конституция жашоодо кандай жардам берээрин айтып беришти

2025-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Конституция күнүнө арналган студенттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
“Кайсы конституциялык укугум мага жашоодогу кыйынчылыкты жеңүүгө жардам берди” деген темадагы сынак өлкө боюнча юридикалык жогорку окуу жайлардын жана факультеттердин студенттеринин арасында чоң кызыгуу жаратты.
Бул конкурс 2014-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө жана жыл өткөн сайын ага катышкандардын саны көбөйүүдө. Сынактын максаты — жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу, Конституцияга урмат-сый мамилени калыптандыруу жана адам укуктарын коргоо механизмдерине жана конституциялык түзүлүштүн негиздерине кызыгуу жаратуу.
Азем салтанаттуу маанайда өттү. Финалисттерди жана конокторду конкурстук комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары Карыбек Дуйшеев куттуктады. Өз сөзүндө ал мындай иш-чаралардын жаштардын терең укуктук аң-сезимин калыптандыруудагы маанисин белгилеп:
“Конституция — ар бир жаран үчүн укуктук коопсуздуктун негизи. Бул сынак студенттерге алардын укуктары иш жүзүндө кандайча ишке ашырылып жаткандыгын аңдап-түшүнүүгө жана Баш мыйзамдын турмуштук кырдаалдарды чечүүдөгү реалдуу күчүн көрүүгө мүмкүнчүлүк болуп калды”, – деп баса белгиледи.
Сынакка келип түшкөн иштерди адистерден турган калыстар тобу карап чыгып, анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:
• 1-орун — Бакытов Руслан Бакытович, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясынын 1-курсунун студенти.
• 2-орун — Жамшитбекова Венера Толкунбековна, Ош мамлекеттик университетинин Тарых жана юриспруденция институтунун 1-курсунун студенти,
• 3-орун — Малабаева Аяна Мухаммедалиевна, Ош мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти.
• Ыраазычылык кат — Сулайманова Амина Умаралиевна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясынын 1-курсунун студенти.
Финалисттерге дипломдор, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатууга жана коомдо конституциялык баалуулуктарды жайылтууга багытталган демилгелерди колдоону мындан ары да улантмакчы.