Меню навигации+

Жеңиш күнү менен куттуктайбыз!

09.05.2024

Урматтуу мекендештер!


Бүгүн, 9-май – Жеңиш күнү, фашизмди талкалаган Советтер Союзунун элинин өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган күн. Эркиндик, тынчтык жана келечекке үмүт тартуулаган бул улуу күндү биз ар дайым чогуу белгилейбиз.


Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту бардык ардагерлерге жана Мекенибиздин бейпилдиги үчүн күрөшкөндөргө терең ыраазычылык билдирет. Сиздердин каарман эрдигиңиздер Мекен үчүн жан аябастыктын жана атуулдуктун түбөлүк символу катары ар бирибиздин жүрөгүбүздө сакталат.


Улуу Жеңиш майрамы биздин бейпил келечек үчүн өмүрүн бергендерге таазим этүү менен тынчтыктын жана тилектештиктин маанилүүлүгүн ар дайым эскертип турсун. Ар бирибиз тынчтыкты жана биримдикти сактоо үчүн болгон аракетибизди жумшайлы!


Майрамыңыздар менен, Жеңиш күнүңүздөр менен! Ар бир үйдө бейпилдик, молчулук болсун!

 


Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту