Жогорку Кеңештин Конституциялык соттогу жаңы туруктуу өкүлү тааныштырылды
Бишкек ш., 2026-жылдын 4-марты
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда расмий жолугушуу болуп өтүп, анын жүрүшүндө судьялар корпусуна Жогорку Кеңештин Конституциялык соттогу жаңы туруктуу өкүлү — Осмонов Айдарбек Касымалиевич тааныштырылды.
Жаңы өкүлдү Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Алмасбек Абытов тааныштырды.
Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев куттуктоо сөзүндө Парламент менен конституциялык контролдоо органынын ортосундагы конструктивдүү диалог өлкөнүн укуктук туруктуулугунун маанилүү кепилдиги экенин белгиледи.
«Жогорку Кеңеш — мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы катары мамлекеттин укуктук системасынын пайдубалын түптөйт. Ал эми Конституциялык соттун милдети — Баш мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу. Биздин натыйжалуу өз ара аракеттенүүбүз улуттук мыйзамдардын сапатын жогорулатууга жана укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө түздөн-түз өбөлгө түзөт», — деп белгиледи Эмиль Осконбаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен иштин негизги багыттарын: Конституциялык соттун чечимдеринин натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу, Конституциянын үстөмдүгү принциптерин илгерилетүү боюнча өз ара аракеттенүү, ошондой эле адилеттүүлүктү жана укуктук системанын натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында институционалдык кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Өз кезегинде Айдарбек Осмонов ачык жана жигердүү кызматташууга даяр экенин билдирип, анын ишмердүүлүгү конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында Парламенттин ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга багытталарын белгиледи.
Жолугушуу иштиктүү жана конструктивдүү атмосферада өтүп, бийлик институттарынын Кыргыз Республикасында конституциялык мыйзамдуулукту системалуу түрдө бекемдөөгө болгон өз ара умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.







