Меню навигации+

А.М. Курманбаеванын кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 13-сентябрындагы аныктамасы менен А.М. Курманбаеванын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 71-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Компенсациянын өлчөмүн аныктоодо сотту чектеген алкактарды белгилөө ар бир жеке учурда акыл-эстүүлүккө жана адилеттүүлүккө жетишүүгө мүмкүндүк бербейт, анткени мындай чектөө адам кылмыш менен келтирилген кесепеттердин натыйжасында башынан өткөргөн адеп-ахлактык жана физикалык азаптарга салыштырмалуу пропорционалдуу эмес болуп саналат.

Кайрылуу субъектиси белгилегендей, кылмыш менен келтирилген моралдык зыяндын ордун толтурууну аныктоонун учурдагы тутуму объективдүү эмес жана акылга сыярлык негизи жок. Келтирилген зыяндын оордугуна жараша эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 эседен 1000 эсеге чейинки өлчөмүндө сот тарабынан дайындалган акчалай компенсациянын өлчөмү теңдиктин конституциялык принцибине жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берилген максаттарга жетишүү үчүн ылайык келбейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде А.М. Курманбаева талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугун текшерүүнү суранат.