Меню навигации+

А.Ж. Айтбаева жана Омуркул уулу Уландын кайрылуусу

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 28-апрелиндеги аныктамасы менен Айтбаева Айсулу Жолдошбековнанын жана Омуркул уулу Уландын КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 566-беренесинин биринчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынды.

 

 

Арыздануучулардын позициясы

Арыздануучулар белгилегендей, мыйзам чыгаруучу соттук актытын мыйзамдуу күчүнө кирүү учурун даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин белгилеген жана Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 547-беренесинде даттануу мөөнөтүн жана тартибин караштырган, ага ылайык, сотко түздөн түз караштуулугу боюнча ушул Кодекстин 454-беренесинде каралган укук бузуулар боюнча кабыл алынган соттук акт апелляция тартибинде областтык жана ага тендештирилген сотторго токтомдун көчүрмөсү берилген күндөн тартып он күндүн ичинде даттанылуусу мүмкүн. Бирок буга карабастан, мыйзам чыгаруучу талаш болуп жаткан ченемде камакка алуу жөнүндө соттун токтому чыгарылгандан кийин токтоосуз аткарылат деп белгилеген.

Кайрылуу субъекттери болжогондой, талашылып жаткан ченем Укук бузуулар жөнүндө кодексинин жогоруда көрсөтүлгөн ченемдери менен гана карама-каршылыкка кирбестен, Конституция менен кепилденген даттануу укугун жана ишти жогору турган сотко кайра каратуу укугун жокко чыгарып жатат, ошону менен КРнын Конституциясынын 23-беренесинин 5-бөлүгүнө, 55-беренесине, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүнө карама-каршы келет.