Меню навигации+

Александр Викторович Москаленконун кайрылуусу боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 6-апрелиндеги аныктамасы менен А.В. Москаленконун Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн “иштин маңызы боюнча чыгарылган” деген сөздөр менен берилген ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

Кайрылуу субъектинин позициясы

 

Кайрылуунун автору Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн “маңызы боюнча чыгарылган” деген сөздөр менен берилген ченемдик жобосу Конституциянын 23-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүнө карама-каршы келет, анткени жарандардын соттук коргоого болгон укуктарын чектейт, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча иштин маңызы боюнча чыгарылган соттук актыларды гана кайра карайт деп белгилейт.Ошондой эле ал Конституциянын 61-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет, анткени ал талаш-тартыштын маңызы боюнча чыгарылбаган сот актыларына жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча арыздарды берүүгө тыюу салууну орнотот.

Баяндалганды эске алуу менен кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат.