Меню навигации+

Алмазбеков Тилек Алмазбековичтин өтүнүчү: Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 2-беренесинин 268-бөлүгү

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 15-ноябрындагы аныктамасы менен Т.А. Алмазбековдун Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин (мындан ары – АПК) 268-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

Арыздануучунун көз карашы

Арыздануучунун пикири боюнча, Жарандык процесстик кодекске (мындан ары – ЖПК) ылайык жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароонун негиздеринин бири болуп, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун, прокурордун, тергөөчүнүн актысы менен тастыкталган күбөнүн же адистин атайын жалган көрсөтмөсү, атайылаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдук далилдердин жалгандыгы, натыйжасы мыйзамсыз же негизсиз сот актысын кабыл алууга алып келген жактын кылмыштуу жосундары саналат.

Муну менен катар, АПКга ылайык жогорудагы жаңыдан ачылган жагдайлар соттун күчүнө кирген өкүмү менен гана белгиленет.

Т.А. Алмазбеков белгилегендей, ЖПКнын 373-беренесинин 2-бөлүгүндө саналып өткөн жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароонун негиздери АПКнын 268-беренесинин 2-бөлүгүндө каралгандарга караганда кыйла кеңири.

Кайрылуу субъекти, башка эч бир  тартипте оңдоого жатпай турган соттун мыйзамсыз же негизсиз чечимин кайра кароо үчүн негиздердин көлөмүн чектөө, сот актыларынын адилеттүүлүгүн камсыз кылууну жана жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүүнү мүмкүн эмес кылат, бул Конституциянын жоболорун бузууга алып келет деп белгилейт.

Өзүнүн максаты боюнча иштерди жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо стадиясы адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоонун, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнүн калыстыгы жана соттук актылардын туруктуулугу сыяктуу баалуулуктарды сактоонун зарыл шарты катары соттук актылардын адилеттүүлүгүн кепилдөөгө багытталган.

Ушуга байланыштуу, кайрылуу субъекти жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча иштерди кайра кароо үчүн негиздердин АПКдагы мындай кыскартылышы эч нерсе менен түшүндүрүлгүс жана акталышы мүмкүн эмес, бул адамдардын сот адилеттигине жетүүсүн чектейт жана жарандардын укуктарын олуттуу түрдө бузат деген тыянакка келүүдө. Жогоруда белгиленгендер Конституциянын 56-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын түздөн-түз бузат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.