Меню навигации+

Ашыркул уулу Кенжебектин кайрылуусу боюнча

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 5-октябрындагы аныктамасы менен Ашыркул уулу Кенжебектин Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 46-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Арыз ээсинин пикири боюнча мыйзам чыгаруучу «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамдын талашылып жаткан ченеми аркылуу жарандардын туулган жеринде кызмат өтөө укугун чектеген.

Кайрылуу субъектинин пикири боюнча мыйзам чыгаруу органы тарабынан мындай чектөө кандай максатта киргизилгени түшүнүксүз. Талашылып жаткан ченемдерге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү шаарда же айылда туулган болсо, ошол административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруу бийлигинин башчысы боло албайт. Мындай жөнгө салуу муниципалдык кызматка кирүүдө бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү бербейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, К. Ашыркул уулу талашылып жаткан ченемдерди КР Конституциясынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө, 24- беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 37-беренесинин 3-бөлүгүнө, 42- беренесинин 1-бөлүгүнө, 55–беренесине, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.