Меню навигации+

«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо кыймылы» коомдук бирикмесинин кызыкчылыгын көздөгөн Тимур Жеңишбекович Арыковдун кайрылуусу боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги аныктамасы менен Т.Дж.Арыковдун  “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана “ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган учурларды кошпогондо (тышкары)” деген сөздөр менен  туюндурулган 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө, 32-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө, 48-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 63-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Арыз ээси белгилегендей, «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө шайкеш аталган Мыйзамдын 6-беренесинде каралгандан башка учурларда, аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө жол берилбейт. Жогоруда аталган Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын башка тыюу салынган түрлөрүнө классификациялоонун тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Ушуга байланыштуу, арыз ээси талашылып жаткан ченемдер, бир жагынан, цензурага тыюу салууну белгилейт, бирок экинчи жагынан, өзгөчө учурларда цензурага жол берет деп эсептейт.

Кайрылуунун авторунун айтымында, аудиовизуалдык чыгарма адамдын айланадагы дүйнөнү кабылдоосун, анын чыгармачылыгынын натыйжасын, пикирин билдирүү жана аны жайылтуу формаларынын бири болуп саналат. Демек, Кыргыз Республикасында цензурага тыюу салуу сөз, басма сөз жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салуунун конституциялык кепилдиги менен шартталган.

Кайрылуунун субъекти талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген сөз эркиндиги жаатындагы адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле сөз жана басма сөз эркиндигин чектейт деп ырастайт.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, кайрылуунун субъекти талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат.