Меню навигации+

Д.Э. Исраиловдун кайрылуусу

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги аныктамасы менен Д.Э. Исраиловдун «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

 

 

Арыздануучунун позициясы

Арыздануучунун пикири боюнча «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамдын талашылып жаткан ченеми тиешелүү райондо туулган адамдын тиешелүү райондун акими болуу укугун чектеп, жарандык кызматка кирүүдө басмырлоого жол берет жана ошону менен эмгек эркиндигине болгон укукту чектейт.

Кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченем белгилүү бир аймакта туулган адамдарды башка аймактарда туулган адамдар менен тең эмес абалга келтирээрин белгилейт, анткени акыркылар ошол аймакта туулган эместигинин негизинде тиешелүү аймактын аким кызмат ордуна талапкерлигин коё алышат. Ошентип, тиешелүү аймакта туулган адамдар акимдин кызмат ордуна талапкерлигин бере албастан, бош орундар жана алардын кесиптик шайкештиги бар болгондо да мамлекеттик кызматка кирүүдө тең укуктуулуктан ажыратылышат.

Ушуга байланыштуу арыз ээси «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамдын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун талашылып жаткан ченемин Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын юрисдикциясынын алдында болгон бардык жактарга алардын укуктарын жана эркиндиктерин, эмгек эркиндигин коргоону караштырган Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө, 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемди КРнын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.