Меню навигации+

Э.А. Джаныбековдун кайрылуусу боюнча

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 19-сентябрындагы аныктамасы менен Э.А. Джаныбековдун «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 14-беренесинин ” аял жынысындагы ” деген сөздөр менен туюнтулган ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

 

Арыз ээсинин пикири боюнча Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган, Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн келген аял жынысындагы чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап туруунун мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамдын 13-беренесинде жана 14-берененин 1-бөлүгүндө каралган шарттар сакталбастан мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынууга мүмкүндүк берет.

Арыз ээсинин пикири боюнча талашылып жаткан ченемдик жобо ушуну менен аял жынысындагы чет өлкө жарандарына жана жарандыгы жок жарандарга карата эркек жынысындагы чет өлкө жарандарын жана жарандыгы жок жарандарды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууда тең эмес абалга коюуда.

Жогоруда баяндалгандын негизинде Э.А. Джаныбеков талашылып жаткан ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүүнү өтүнөт.