К. Б. кайрылуусу боюнча пресс-анонс
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2026-жылдын 3-ноябрындагы аныктамасы менен К. Б.нын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 504-беренесинин 6 жана 7-бөлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесине, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 57-беренесинин 1–4-бөлүктөрүнө, 58-беренесине, 61-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.
Кайрылуу субъектисинин позициясы
Талашылып жаткан жоболорго ылайык, күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзгөн адамга карата айыптоо өкүмү чыгарылганда, далилдерди талдоо жана аларга баа берүү өкүмдө чагылдырылбайт, ал эми иштин материалдары сотто изилденбегендигинин негизинде мындай өкүмгө апелляциялык тартипте даттанууга жол берилбейт.
Арыз ээсинин пикири боюнча, мындай укуктук жөнгө салуу соттук чечимдин негиздүүлүгүнө жана жүйөлүүлүгүнө карата талаптарды төмөндөтөт, аны жогору турган сот тарабынан кайра кароо мүмкүнчүлүктөрүн чектейт жана соттук коргоонун, күнөөсүздүк презумпциясынын, ошондой эле соттук чечимди кайра кароого болгон укуктун конституциялык кепилдиктерин козгойт.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, кайрылуу субъектиси талашылып жаткан жоболорду Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.






