Меню навигации+

К.О. Табалдиеванын кызыкчылыгын көздөгөн К.М. Матсаковдун кайрылуусу боюнча

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 8-сентябрындагы аныктамасы менен К.О. Табалдиеванын кызыкчылыгын көздөгөн К.М. Матсаковдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 403-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 403-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү арызын канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө судьянын токтому апелляциялык инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн, ал токтомду жокко чыгарууга жана берилген даттанууну жана сунушту маани-маңызы боюнча кароого же аталган Кодекстин 417-беренесинде каралган талаптарды аткаруу үчүн даттанылган соттук актыны чыгарган сотко кайтарууга укуктуу.

Бирок арыз берүүчү апелляциялык инстанциягы сот тарабынан өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү арызын канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө судьянын токтомун тиешелүү тартипте кароонун жыйынтыганда кабыл алынган аныктамасына карата кассациялык даттануу келтирүү талашылып жаткан ченемге ылайык мүмкүн эместигин белгилейт.

Кайрылуу субъектисинин пикиринде, талашылып жаткан ченем Конституцияда белгиленген ар бир соттолгон адамдын өз ишин мыйзамга ылайык жогору турган сотто каратуу укугун бузат. Мындан тышкары, арыз берүүчү өлкөнүн негизги Мыйзамында белгиленген адамдын укуктары жана эркиндиктери эч кандай чектелүүгө жатпандыгын белгилейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, К.О. Табалдиеванын кызыкчылыгын көздөгөн К.М. Матсаков талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугун текшерүүнү суранат.