Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сунуштамасы боюнча

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 10-февралындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелеп берүү жөнүндө сунуштамасы өндүрүшкө кабыл алынды.

 

Кайрылуу субъектин позициясы

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат.

Сунуштамада белгиленгендей, 2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгү 2020-жылдагы орточо эмгек акынын 2019-жылдагы орточо эмгек акыга карата өсүшүн эске алуу менен 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 110 пайызга индексацияланган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 «Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун өлчөмүн эсептөөнүн методикасы бекитилген. Жашоо минимумунун өлчөмү мыйзам менен белгиленбей, Улуттук статистика комитети тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн методикага ылайык квартал сайын эсептелет Мындан тышкары, кайрылуу субъектиси мамлекеттин социалдык иши жарандардын өзү жана үй-бүлөсү үчүн экономикалык бакубаттыкка жетишүү мүмкүндүгүн, экономикалык эркиндигин, активдүүлүгүн чектөөчү мамлекеттик камкордук формасына өтпөөгө тийиш экендигин белгилейт.

 

Жогоруда жазылгандардын негизинде, кайрылуу субъектиси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелеп берүүнү суранат.