Меню навигации+

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Т.К. Самаковтун кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 9-мартындагы аныктамасы менен Т.К. Самаковдун “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Арыз ээси талашылып жаткан ченем Жогорку Кеңешке депутатка карата жазык ишин козгоого Башкы прокурорго макулдук берүү же андан баш тартуу укугун берүү менен Конституциянын 78-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттарын башка кызмат адамдары, ошондой эле жарандар менен бирдей эмес укуктук абалга коет, бул Конституциянын 24-беренесинин 2-бөлүгү менен кепилденген мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген конституциялык принципти бузат.

Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишке байланыштуу айткан ой-пикирлери үчүн же депутаттын ишинин өзгөчөлүгү менен шартталган Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес деген конституциялык жобону талашпастан Т.К. Самаков эч ким абсолюттук кол тийбестикке ээ боло албайт деп эсептейт. Депутаттын кол тийбестиги айрым депутаттын жеке коопсуздугун камсыз кылбаш керек жана мамлекеттик бийликти натыйжалуу жүзөгө ашыруунун кызыкчылыгында орнотулууга тийиш.