Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин «Элдик» депутаттык тобунун сунуштамасы боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 4-майындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Элдик» депутаттык тобунун «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна корутунду берүү тууралуу сунуштамасы сот өндүрүшүнө кабыл алынды.

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

 

Мыйзам долбоору менен Конституциянын                 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү каралууда, ага ылайык өлүм жазасы мыйзам менен он сегиз жашка чыга элек балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштары үчүн гана белгилениши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин VII чакырылышынын 61 депутатынын демилгеси менен мыйзамдын долбоору иштелип чыккан. Аталган мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесине ылайык, Жогорку Кеӊешинин расмий сайтында 2022-жылдын 20-октябрында коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылган. Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 116-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине референдум дайындоо тууралуу сунуш киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин    2-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, депутаттык тобу мыйзамдын долбооруна Конституциялык сот тарабынан корутунду берүүнү суранууда.