Меню навигации+

М.М. Жорокуловдун жана Н.У. Кочкоровдун кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 7-мартындагы аныктамасы менен М.М. Жорокуловдун жана Н.У. Кочкоровдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүндөгү “Токтом жана негизги өндүрүштөн бөлүнүп алынган материалдар мөөрлөнүп чапталган конвертке салынат, ал андан ары кылмыш ишин териштирген органда сакталат жана анда камтылгандар менен тергөөчүдөн тышкары прокурор жана сот тааныша алат” деген ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

 

Кайрылуу субъекттеринин позициясы

Келтирилген кайрылуудан келип чыккандай, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом жана негизги өндүрүштөн бөлүнүп алынган материалдар мөөрлөнүп чапталган конвертке салынат, ал андан ары кылмыш ишин териштирген органда сакталат жана анда камтылгандар менен тергөөчүдөн тышкары прокурор жана сот тааныша алат. Бул, арыз ээлеринин пикири боюнча талашылып жаткан ченемге ылайык, тергөөчү, прокурор жана сот гана конвертке салынган материалдар менен тааныша алат, ал эми айыпталуучу жанан анын адвокаты аны менен тааныша албай, Конституцияда көрсөтүлгөн мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принциптин бузулушуна күбө болуп келүүдө.

Андан тышкары, кайрылуучулар коргоого тиешелүү болгон күбөлөрдү сот өндүрүшүнүн кайсы бир стадиясында суроого, ошондой эле суракка алуу жана ага каршы көрсөтмөлөргө каршы пикир билдирүүгө, суракка алуу үчүн адекваттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу укугун белгилешкен.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, М.М. Жорокуловдун жана Н.У. Кочкоров талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранышат.