Меню навигации+

“Мамыр” АКтын кызыкчылыгын көздөгөн Э.С. Адыловдун кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 24-апрелиндеги аныктамасы менен “Мамыр” АКтын кызыкчылыгын көздөгөн Э.С. Адыловдун Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Арыз ээси АПКнын 267-беренесинин 2-бөлүгүндө келтирилген соттук актылардын тизмеси Конституциянын 23-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына карама-каршы келип, Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес жана Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгүндө кепилденген соттук коргоого болгон ар бир адамдын укугун чектейт деп эсептейт.

Анын пикиринде талашылып жаткан ченемдин колдонулушу Ысык-Көл облустук сотунун 2022-жылдын 18-июлундагы кабыл алынган аныктамасын жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого мүмкүндүк бербейт, ал кайрылуу субъектиси болжогондой, бир катар олуттуу каталарды камтыйт жана соттук коргонууга болгон укукту толук кандуу ишке ашыруунун мүмкүн эместигине алып келет, бул анын мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө шек келтирет.

Конституциянын 61-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүнө шайкеш ар бир адамга өзүнүн Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилет. Ар бир адам мыйзам тарабынан тыюу салынбаган бардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, ошондой эле бузулган укуктарын калыбына келтирүүнү камсыз кылууга укуктуу.

Баяндалгандарды эске алуу менен, кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.