Н.Ж. Жаныбековдун жана С.А. Матцаковдун кайрылуусу боюнча пресс-анонс
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2026-жылдын 21-апрелиндеги аныктамасы менен Н.Ж. Жаныбековдун жана С.А.Матцаковдун «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 64-беренесине шайкештигин текшерүү боюнча өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.
Кайрылуу субъекттеринин позициясы
Талашылып жаткан жобо Адвокаттын кесиптик этика кодексинин ченемдерин кайталап бузган учурда адвокатты лицензиясынан ажыратууну карайт. Арыз ээлеринин пикири боюнча, бул жобо кайталангандык белгисинин мазмунун ачып көрсөтпөйт, анткени лицензиядан ажыратуу түрүндөгү эң катаал тартиптик чараны колдонууга негиз болгон кайсы бузуулар жана алар кандай шарттарда түзүлөөрүн бир мааниде аныктоого мүмкүндүк бербейт, бул бир түрдүү эмес чечмелөө жана ар кандай укук колдонуу үчүн шарт түзөт.
Баяндалганды эске алуу менен арыз ээлери талашылып жаткан жоболорду Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп табууну өтүнүшөт.






