Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарынын айдоочуларынын союзу» коомдук бирикмесинин кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 9-мартындагы токтому менен «Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарынын айдоочуларынын союзу» Коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 31-майындагы №13 «Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу кээ бир маселелер жөнүндө»  токтомунун 14-пунктунун «Жер участогуна укукту берүү боюнча комиссиянын чечими сотто талашуунун предмети болушу мүмкүн эмес» деген сөздөр менен белгиленген ченемдик жобосунун конституциялуулугун ылайыктуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

Арыздануучулардын көз карашы

Кайрылуу субъектисинин пикири боюнча, талашып жаткан жобонун колдонулушу кызыкдар жактарды жер участогуна укук берүү боюнча комиссиянын чечимин сот тартибинде талашуу укугунан ажыратат, Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 97-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптары соттук коргоо укугунун кепилдиктерин аныктаганына карабастан, бул соттук коргоого укукту чектөө болуп саналат.

Мында коомдук бирикменин өкүлдөрү соттук коргоонууга болгон укукту чектөөгө жол берилбестик адамдардын ар кандай маселе боюнча жалпы юрисдикциядагы сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгү болушу керек экенин белгилешет.