Хилоу Марат Хасановичтин өтүнүчү боюнча пресс-анонс
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2026-жылдын 28-сентябрындагы аныктамасы менен Х.М. Хилоунун Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө» Мыйзамынын 77-беренесинин жана 2-тиркеменин 1-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61 жана 101-беренелерине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуу субъектисинин позициясы
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренеси ар бир адамга өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин мыйзамда белгиленген тартипте сот аркылуу коргоого кепилдик берет. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 101-беренеси мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдердин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү экендигин белгилейт. Ушуга байланыштуу арыз ээси Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө» Мыйзамынын 77-беренеси жана 2-тиркеменин 1-пункту менен белгиленген карызкор жана анын үй-бүлөсү туруктуу жашаган турак жайга өндүрүп алууну колдонууга тыюу салуу көрсөтүлгөн кепилдиктерди бузат деп эсептейт, анткени карызкордун башка мүлкү болбогон учурда өндүрүп алуучуну мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдин аткарылышына жетишүү мүмкүнчүлүгүн иш жүзүндө жокко чыгарат.
Арыз ээсинин пикири боюнча, талашылып жаткан укуктук жөнгө салуу карызкордун турак жайга болгон укугу менен өндүрүп алуучунун мүлктүк кызыкчылыктарынын ортосунда адилеттүү тең салмактуулукту камсыз кылбайт, анткени анда турак жайдын аянтын жана наркын, карыздын өлчөмүн, ошондой эле карызкордун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосу үчүн зарыл болгон минималдуу өлчөмдөн ашкан турак жай аянтынын бөлүгүнө өндүрүп алууну колдонуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу каралган эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде кайрылуунун автору талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну, ал карыздын өлчөмү менен мындай турак жайдын наркынын шайкештигин эске албастан, карызкордун жалгыз турак жайына өндүрүп алууну колдонуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле карызкордун жана анын үй-бүлөсүнүн жашоосу үчүн минималдуу зарыл болгон өлчөмдөн ашкан турак жай аянтынын бөлүгүнө өндүрүп алууну колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган бөлүгүндө Конституцияга каршы келет деп таанууну өтүнөт.






