Меню навигации+

Р.К. Джолдошовдун өтүнүчү боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын 16-сентябрындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 442-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынды.

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

 

Арыз ээсинин пикири боюнча өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин үч жыл өткөндөн кийин соттолгон адамга кассациялык даттанууга мүмкүндүк берген ченемдин конституциялуулугу талаштуу деп эсептейт, мында прокурор менен жабырлануучуга мындай мүмкүнчүлүк каралган эмес. Ал эми Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 442-беренесине ылайык, эгерде соттолгондун, акталгандын же иши кыскартылган адамдын абалын начарлатууга алып келүүчү негиздер болсо, апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмүн же аныктамасын алар мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып бир жыл аралыгында гана кайра кароого жол берилет.

 

Буга байланыштуу, кайрылуу субъектисинин пикири боюнча бул теңсиздикти жаратат, анткени жабырлануучу бир жыл менен чектелсе,  соттолгон адам каалаган убакта кассациялык инстанцияга кайрылууга укуктуу. Мындай кырдаал жабырлануучулардын укуктарын калыбына келтирүүнү жана келтирилген зыяндын ордун толтурууну кыйындатат, алар үчүн тобокелдиктерди жаратат, анткени айыптоо өкүмдөрүн жокко чыгаруу алардын пайдасына чыгарылган сот актыларын, анын ичинде жарандык процессте чыгарылган сот актыларын да жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн. Бул иш жүзүндө жабырлануучуларды Конституцияда кепилденген соттук коргоо укугунан ажыратат.

 

Баяндалганды эске алуу менен, Р.К. Джолдошов талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.