Меню навигации+

Н.А. Алиева жана А.М. Осмоналиеванын кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы аныктамасы менен Н.А. Алиева жана А.М. Осмоналиеванын Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 216-беренисинин 7-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

 

Кайрылуу субъектилеринин позициясы

Арыздануучулардын пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 216-беренесинин 7-пункту менен, сот ишке катышуучу жактардын арызы боюнча же өз демилгеси менен иш боюнча өндүрүштү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын билдирүүсүн алып, сотко өз каалоосу боюнча өндүрүштү токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алууга негизсиз укук берилет.

Кайрылуу субъектилери, эгерде Конституциялык сот ишти чечүүдө колдонулган же колдонула турган мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алса, ошондой эле конституциялык контролдоо органы талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугунда күмөндүүлүктү аныктаса, ал кийин ишти кароодо жана аны кабыл алууда олуттуу мааниге ээ болушу мүмкүн болсо, сот Конституциялык соттун чечими чыкканга чейин өндүрүштү токтото турууга керек деп эсептешет.

Ушуга байланыштуу, арыздануучулар Жарандык процесстик кодекстин талашылып жаткан ченеминин конституциялуулугун текшерүүнү суранышат.