Меню навигации+

К.З. Култаевдин кайрылуусу

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 12-апрелиндеги аныктамасы менен Кубанычбек Зулуевич Култаевдин Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 28-беренесинин конституциялулуугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

 

Арыздануучунун көз карашы

Арыздануучу белгилегендей, 2016-жылдын 30-майындагы №75 «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамга ылайык кызматчыга жыл сайын 30 календардык күнгө созулган акы төлөнүүчү өргүү берилет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык эмгек стажы болгондо акы төлөнүүчү өргүү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйөт.

Бирок, арыздануучу белгилегендей, 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы эмгек стажына жараша өргүүнүн узартылышы тууралуу ченемди караштырбайт.

К.З. Култаевдин пикири боюнча талашылып жаткан ченем мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын абалын начарлатат жана Кыргыз Республикасында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбайт деп белгилеген Конституциянын 56-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузуу менен кабыл алынган.

Жогоруда баяндалгандын негизинде кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.