Меню навигации+

Д.Ж. Акматов жана Д.Д. Бекешевдин кайрылуусу боюнча

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы аныктамасы менен Д.Ж. Акматов жана Д.Д. Бекешевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо Эрежелеринин 541-пунктусунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

 

Кайрылуу субъектеринин позициясы

 

Акматов Д.Ж. жана Бекешев Д.Д. рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын кузовун алмаштырууга тыюуну орноткон талашылып жаткан ченем Конституциянын 40-беренесинде бекитилген өзүнүн мүлкүн тескөө укугун чектейт деп ырасташат.

Арыз ээлери рулдук башкаруусу сол тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын ээлери кузовду алмаштырууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, ал эми талашылып жаткан ченемге ылайык рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын кузовун алмаштырууга тыюу салынгандыгын белгилешет. Бул жагдай рулдук башкаруусу ар кандай болгон транспорт каражаттарынын ээлерин мүлктүк белгилери боюнча бирдей эмес абалга коет, жана аны менен, кайрылуу субъектеринин пикиринде, мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей жана басмырлоого жол берилбестик конституциялык принциптери бузулууда.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Акматов Д.Ж. жана Бекешев Д.Д. талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугун текшерүүнү суранат.