Меню навигации+

(Русский) Пресс-анонс по ходатайству Типерова Александра Владимировича, представляющего интересы Михайлова Олега Павловича

Олег Павлович Михайловдун кызыкчылыгын көздөгөн Александр Владимирович Петровдун өтүнүчү боюнча пресс-анонс

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 24-февралындагы аныктамасы менен О.П. Михайловдун кызыкчылыгын көздөгөн А.В. Типеровдун “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Михайлов О.П. Афганистан Элдик демократиялык партиясынын Парван провинциясынын (1983-жылдын 16- майынан 1984-жылдын 31-декабрына чейин) Биринчи катчысынын партиялык кеңешчиси болуп, анда активдүү согуш аракеттери жүргүзүлгөн Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары, 1994-жылдын 15-апрелинен Кыргыз Республикасы катышкан 1995-жылдын 18-декабрынан тартып аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү үчүн жеңилдиктерди жана кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө Макулдашууга ылайык тиешелүү жеңилдиктерди алып жүргөн.

Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасында 1996-жылдын 8-майында № 14 “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган. Бирок, жүргүзүлгөн инвентаризациянын жүрүшүндө аталган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген (2009-жылдын 31-декабрында), ал жогоруда аталган жеңилдиктерди алууга укугу бар адамдардын категорияларынын кыскарышына алып келген.

Ушуга байланыштуу кайрылуу субъектиси мыйзам өзгөртүүлөрүнүн натыйжасында мамлекет О.П. Михайловдун абалын начарлатып, жогоруда белгиленген жоболорго карама-каршы, Афганистанга партиялык органдар тарабынан жиберилген аскер адистери жана кеңешчилери Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жеңилдиктеринен пайдаланып, анын конституциялык укуктарын бузуп жатат деп эсептейт.

Баяндалганды эске алуу менен кайрылуу субъектиси “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-беренесинин 4-бөлүгүнө, 23-беренесинин 1-бөлүгүнө, 24-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.