Меню навигации+

Рыскулова Алина Руслановнанын, Омуркул уулу Уландын өтүнүчү боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун 2023-жылдын 15-мартындагы токтому менен А.Р. Рыскулованын, У. Омуркул уулунун Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 222-беренесинин 6-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

Кайрылуу субъекттеринин позициясы

Чүй областынын Аламүдүн райондук сотунун өндүрүшүндө К.М.О (кайрылуунун авторунун редакциясында) аттуу жарандын доо арызы болгон. Соттун аныктамасы менен жогоруда көрсөтүлгөн доо арыз Жарандык процесстик кодекстин 222-беренесинин 6-пунктунун негизинде кароосуз калтырылган, ага ылайык өзү жок кезде ишти териштирүү жөнүндө өтүнбөгөн доогер сотко чакыруу боюнча келбесе, ал эми доогер ишти маңызы боюнча чечүүнү талап кылбаса сот арызды кароосуз калтырат. Кайрылуу субъекттери белгилегендей, соттун мындай чечимин чыгарышына доогердин өкүлүнүн соттук териштирүүгө бир нече мүнөткө кечигип келгендиги себеп болгон.

Соттун аныктамасы менен макул болбогон доогердин өкүлү Омуркул уулу У., аны жокко чыгаруу үчүн ушул эле сотко өтүнүч менен кайрылып, ал канааттандыруусуз калтырылган. Чүй областтык соту да аталган аныктамага болгон жекече даттанууну канааттандыруудан баш тарткан.

Рыскулова А.Р., Омуркул уулу У. доогер тарап 2022-жылдын 13-июлунда 15 мүнөткө кечиккен учурдан тышкары, бир дагы процессти өткөрүп жибербегендигин жана сот отурумдарына кечпегендигин белгилешет, бул арызды кароосуз калтырууга негиз болгон. Ал эми жоопкерлер системалуу түрдө кечигип же сот отурумдарына такыр келишкен эмес.

Ушуга байланыштуу кайрылуу субъекттери талашылып жаткан ченем доогердин соттук коргоого болгон укугун чектейт деп эсептешет, анткени эгерде доогер соттук отурумга бир жолу келбесе, сот доону кароосуз калтырышы мүмкүн. Алардын пикири боюнча, мындай абал доогерге гана тиешелүү болгондуктан, аны укуктук статусу жагынан басмырлоо болуп саналат.

Арыздануучулар белгилегендей, талашылып жаткан ченемди кабыл алууда мыйзам чыгаруучунун логикасы ишти себепсиз создуктурууга жол бербөө болгон, бирок, чындыгында, бул ченем соттун арызды кароосуз калтыруу жөнүндө аныктамасына даттанган учурда ишти кароону андан да катуу создуктурууга алып келет, бул адилетсиз жана негизсиз.

Баяндалгандарды эске алуу менен, кайрылуу субъекттери Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 222-беренесинин 6-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 1, 5-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 55-беренесине, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну суранышат.