Меню навигации+

С.А. Матцаков, Э.А. Рамазанова, Н.Б. Байышовтун кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 15-ноябрындагы аныктамасы менен С.А. Матцаков, Э.А. Рамазанова, Н.Б. Байышовтун «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 17-бөлүгүнүн күчүн жоготту деп таануу бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын 5-беренисинин 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынды.

Кайрылуу субъектилеринин позициясы

Талашылып жаткан ченем менен «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамынын 7 жана 8-беренелеринин күчүн жокко чыгаруу караштырылат. Өз кезегинде, жогорудагы 2017-жылдын 24-январындагы Мыйзамдын 7-беренесинин 17-бөлүгүндө 1997-жылдын 1-октябрындагы Кылмыш-жаза кодексинде эскирүүгө, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга, мыйзамда каралган жазага караганда жеңил жаза дайындоого, соттуулукту жоюуга жана алууга карата белгиленген эрежелер, адамдардын кылмыштуу аракеттеринин жазыктык-укуктук кесепеттери Жазык кодексинде жеңилдетилген учурларды кошпогондо, 2017-жылдын 2-февралындагы Жазык кодекси күчүнө киргенге чейин кылмыш жасаган адамдарга жайылтылат деген ченемдер каралган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, арыз ээлери мыйзам чыгаруучу муну менен өткөөл жоболор мезгилинде Кылмыш-процессуалдык кодекстин 1999-жылдын 30-июнундагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен 373-беренесине ылайык соттун соттуулугун жоюу укугун камсыз кылган деп эсептешет. Ушул берененин 1-бөлүгү менен соттуулугун алып салуу маселеси жазаны өтөгөн адамдын жашаган жери боюнча анын арызы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине ылайык сот тарабынан чечилген (1997-жылдын 1-октябрында редакциясында). Бирок, 2017-жылдын 24-январындагы Мыйзамдын 7, 8-беренелеринин күчүн жоготушу жарандардын соттуулугун алып салуу маселеси менен Кыргыз Республикасынын сотуна кайрылууга укугу жок болуп калганына алып келди, ал эми Конституциянын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгарган же азайткан мыйзамдар кабыл алынбашы керек.

Ушуга байланыштуу, арыздануучулар талашылып жаткан ченеминин конституциялуулугун текшерүүнү суранышат.