С.А. Матцаковдун жана Н.Ж. Жаныбековдун кайрылуусу боюнча пресс-анонс.
Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2026-жылдын 6-февралындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 552-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө С.А Матцаковдун жана Н.Ж. Жаныбековдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуу субъекттеринин позициясы
Арыз ээлери укук бузуу жөнүндө иш боюнча биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттанууда, апелляциялык сот талашылып жаткан ченемге ылайык, эки вариант менен гана чектелгенин белгилешет: чечимди өзгөртүүсүз калтыруу же аны жокко чыгаруу жана иш боюнча өндүрүштү кыскартуу.
Ошол эле учурда, апелляциялык сот мыйзамсыз же негизсиз деп тапса дагы, жол берилген мыйзам бузууларды жоюу үчүн маңызы боюнча жаңы чечим кабыл алууга же соттук актыны өзгөртүүгө ыйгарым укугу жок. Арыз ээлеринин пикири боюнча мындай чектөө натыйжалуу соттук коргоого тоскоолдук кылат жана жогору турган инстанцияда ишти кайра кароонун конституциялык кепилдиктерине карама-каршы келет.
Ошондой эле, мурда мыйзамдар апелляциялык инстанциядагы соттун кеңири ыйгарым укуктарын түздөн-түз караштыргандыгын, ал эми аларды алып салуу соттук коргоонун кыскарышы катары кабылданаарын белгилешет.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, кайрылуунун авторлору талашылып жаткан ченемди аппеляциялык соттун укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча жаңы чечим кабыл алуу, соттук актыны өзгөртүү же жокко чыгаруу ыйгарым укугун жокко чыгарган бөлүгүндө Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнүшөт.






