Меню навигации+

Судья Сабырова Жыпардын суроо-талабы

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 31-октябрындагы аныктамасы менен судья Сабырова Жыпар Жумадиловнанын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178 беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө суроо-талабы өндүрүшкө кабыл алынды.

Кайрылуу субъектинин көз карашы

Судья анын өндүрүшүндө 2012-жылдын 7-сентябрындагы соттун буйругу боюнча 2018-жылдын августунан 2022-жылдын майына чейин өндүрүлгөн алимент төлөөдөн качкан адамды айыптоо боюнча иш бар экенин белгилейт.

Иштин материалдарында жогоруда аталган адам мурда ошол эле соттун буйругу боюнча өндүрүлгөн алиментти төлөөдөн качкандыгы үчүн, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун 2017-жылдын 19-январдагы өкүмүнө ылайык эки жылга эркинен ажыратылгандыгы көрсөтүлгөн. Тараптардын түшүндүрмөлөрүнөн улам, ал адам тарабынан алименттик милдеттенмелер 2018-жылдын август айына чейин толук көлөмдө аткарылган.

Ошентип, азыркы учурда сот тарабынан аталган адамды кайрадан жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселе каралууда.

Судьянын пикиринде алименттик милдеттенмелер боюнча аткаруу өндүрүшү узакка созулгандыктан, алимент боюнча карызкорлор Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси боюнча алимент төлөбөгөн ар кандай мезгилдер үчүн кайталап (бир нече жолу) жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүнбү деген маселе боюнча сотто күмөн саноолор бар.

Ушуга байланыштуу судья Кылмыш-жаза кодексинин жогоруда белгиленген беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келишин текшерүүнү өтүнөт.