Меню навигации+

Т.А. Алмазбековдун өтүнүчү: КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №204 токтомунун 10-13-пункттары

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 14-ноябрындагы чечими менен Т.А. Алмазбековдун КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №204 токтому менен бекитилген Сайт же сайт баракчасы ээсинин аракеттерине даттануу, такталбаган (жалган) маалыматтарды өчүрүү жана Интернет тармагында так эмес (жалган) маалыматтын таратканга байланыштуу сайт же сайттын баракчасынын ишин убактылуу токтото туруу тартибинин (мындан ары – Тартип) 10-13-пункттарынын Конституцияга ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

Арыздануучунун позициясы

Талашылып жаткан ченемдер арыз ээсине гана өзүнүн укуктарын коргоого, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган чечимге “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга өзгөчө мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда башка кызыкдар тарапка – сайттын же сайттын баракчасынын ээсине бул укук берилбейт. Арыз ээсинин айтымында, бул чектөө сайттын же баракчанын ээсине карата басмырлоочу болуп саналат жана Конституцияда кепилденген сөз эркиндигине болгон укукту ишке ашырууга терс таасирин тийгизет.

Кайрылуунун субъекти белгиленген Тартипте арыз ээсинин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жарыялоого байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтото туруу жөнүндө арызды кароодо тараптардын атаандаштык принциби жок деп эсептейт. Мындан тышкары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мыйзамсыз чечими үчүн жоопкерчиликке тартуу тартиби каралган эмес.

Жогоруда баяндалгандын негизинде Т.А. Алмазбеков талашылып жаткан ченемдердин конституциялуулугун текшерүүнү өтүнөт.