Меню навигации+

Тусучева Каныкей Азимджановнанын өтүнүчү боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун 2023-жылдын 24-майындагы токтому менен Тусучева Каныкей Азимджановнанын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-мартындагы № 158 “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынды.

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Кайрылуунун автору Конституция Кыргыз Республикасында эркектер жана аялдарга бирдей укуктар жана эркиндиктерди, анын ичинде эмгек эркиндигин, кесип тандоону, эмгекти коргоону жана шарттарын кепилдейт, ошондой эле ар кандай белгилер, анын ичинде жыныстык белгилери боюнча басмырлоого тыюу салат деп белгилейт.

Арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бир бөлүгү болуп саналган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактыда, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө Конвенциясында бекемделген басмырлоого тыюу салуунун конституциялык кепилдигин көрсөтөт.

Кайрылуу субъектиси аялдарга тыюу салынган кесиптердин тизмелери совет доорунан калган мурас жана эмгек чөйрөсүндөгү аялдарга карата ачык басмырлоо экендиги, мамлекеттин алардын «репродуктивдүү ден соолугуна» камкор көргөндүгү менен түшүндүрүлөт деп белгилейт. Арыз ээси аялдар энелик менен карьеранын ортосунда өз алдынча тандоо укугуна ээ болушу керектигин жана репродуктивдүү ден соолукка байланыштуу тобокелдиктер эскертилип, бирок жалпы тыюу салууларга алып келбеши керектигин баса белгилейт. Мындай жыныстар ортосундагы айырмачылык басмырлоонун түз формасы болуп саналат.

Баяндалганды эске алуу менен, Тусучева К.А. талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат.