Меню навигации+

Ж.М. Исаковдун кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 10-февралында токтому менен Ж.М. Исаковдун «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзамынын 23-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынды.

Кайрылуу субъектисинин позициясы

«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзамынын 23-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык, адвокаттардын мамлекеттик реестрин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги кагаз жана электрондук формаларда жүргүзөт жана өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.

Адвокаттардын мамлекеттик реестри адвокаттын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын дарегин, лицензия берилген датаны, лицензиянын номерин, Адвокатурага кирүү датасын, адвокаттык мекеменин аталышын жана юридикалык дарегин, белгиленген тартипте даярдалган мөөрүнүн үлгүсүн камтууга тийиш. Реестрде белгиленген ар кандай өзгөртүүлөр бир айдын ичинде адвокаттар тарабынан Юстиция министрлигине жана Адвокатурага маалымдалууга тийиш.

Адвокаттардын мамлекеттик реестринде жеке мүнөздөгү маалыматтар (жеке маалыматтар) камтылган, алар мыйзамда белгиленген тартипте Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттардын макулдугусуз өзүнүн сайтында жайгаштырылат.

Ж.М. Исаков адвокаттардын мамлекеттик реестрине ачык жеткиликтүүлүк ар бир адамдын өздүк маалыматтарынын корголушун белгилеген Конституциянын 63-беренесинин 2-бөлүгүнүн талабын аткарууга кепилдик бербейт деп эсептейт. Мындай кырдаалда субъекттин жеке маалыматтарын толук коргоо мүмкүн эмес, анткени кызыкдар тараптар Юстиция министрлигинин расмий сайты аркылуу жеке маалыматтарга эркин кире алышат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемдердин конституциялуулугун текшерип берүүнү суранат.