Меню навигации+

Ж. Шараповдун кайрылуусу боюнча

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 21-сентябрындагы аныктамасы менен Ж. Шараповдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 95-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Арыз ээси Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексинин 95-беренесинде соттолгон адамдын жүрүм-туруму кынтыксыз болгон учурда соттуулугун мөөнөтүнөн мурда алып салууга укук берген жобо жоктугун белгилейт. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесинин 5-бөлүгүнө көңүл бурат, ага ылайык эгерде соттолгон адам жазасын өтөгөндөн кийин өзүн кынтыксыз алып жүрсө, сот соттуулугунун жоюлуу мөөнөтү аяктаганга чейин эле анын соттуулугун өтүнүч боюнча алып сала алат.

Ушуга байланыштуу, арыз ээси Кылмыш-жаза кодекстин талашылып жаткан ченеминин конституциялуулуугун текшерүүнү өтүнөт.