Меню навигации+

Жакшылык Жоомартович Кадыровдун кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги аныктамасы менен Ж.Ж. Кадыровдун өтүнүчүнүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө бөлүгү өндүрүшкө кабыл алынды.

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Келтирилген кайрылуудан келип чыккандай, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнө ылайык, талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт.

Кайрылуу субъектисинин пикири боюнча, мындай жагдай социалдык теңсиздикти жаратып, шайлоо күрөөсүн төгө албагандарды мүлктүк абалына карата түздөн-түз басмырлоо болуп саналат.

Ж.Ж. Кадыровдун айтымында, талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка мыйзамда белгиленген тартипте кирүүдө, кызмат боюнча көтөрүлүүдө бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ деп караштырган Конституциянын ченемдерине карабастан, Жогорку Кеңештин депутаты катары талапкер болууга шайлоо күрөөсүнүн өтө чоң өлчөмүн орнотуу менен тоскоолдук жаратууда.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Ж.Ж. Кадыров талашылып жаткан ченемдик жоболорду Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.