Меню навигации+

Зокиржон Турдимахаматович Зайнабидиновдун кызыкчылыгын көздөгөн Нуршат Хайрулаевич Касымовдун кайрылуусу боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги аныктамасы менен З.Т. Зайнабидиновдун кызыкчылыгын көздөгөн Н.Х. Касымовдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

Арыздануучунун көз карашы

Арыздануучу, КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүндө кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоонун негиздеринин толук тизмеси караштырылган деп белгилөөдө.

Бирок, кайрылуу субъектинин пикири боюнча, талашылып жаткан ченемге ылайык, сот, кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү карап чыгып, аны канааттандыруу жөнүндө чечимди КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган жагдайлар боюнча гана чыгара алат. Ошентип, соттун КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-3 пункттарында каралган башка жагдайлар боюнча өтүнүчтү канааттандыруу жөнүндө чечимди чыгаруу мүмкүнчүлүгү жок, бул өз кезегинде соттун бардык жагдайларды эске алуу укугун чектөөгө алып келүүдө. Бул жагдай соттолуучунун, анын ишин жогору турган сотто кайра каратууга болгон жана соттук коргонуу конституциялык укугун түздөн-түз чектөө болуп саналат.

Арыздануучу, башка эч кандай тартипте оӊдоого жатпаган мыйзамсыз же негизсиз соттук чечимди кайра кароо максатында кылмыш ишти кайра баштоонун негиздеринин тизмесин кыскартуу, соттук актылардын адилеттүүлүгүн камсыз кылууну жана жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сот тарабынан калыбына келтирүүнү мүмкүн эмес кылат деп белгилөөдө.