Меню навигации+

Данияр Эдилбекович Исраиловдун жана Ашыркул уулу Кенжебектин кайрылууларына байланыштуу «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 46-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

Конституциялык соттун Чечиминде белгиленгендей, Конституциянын жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү кепилдеген жоболоруна карабастан, Негизги Мыйзам мамлекет тарабынан коомдун алдында аткарып жаткан милдеттердин өтө маанилүүлүгүн атайын белгилейт жана ушуга байланыштуу бул кызматтардын жогорку деңгээлин кармап туруу максатында жарандар үчүн атайын талаптарды жана чектөөлөрдү киргизүүгө жол берет. Алар кызматка кирүүгө, өтөөгө жана кызматты токтотууга байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин укуктук статусун регламентациялаган дээрлик бардык аспектилерине тиешелүү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар мамлекеттин социалдык-маданий жана административдик-саясий турмушунда, экономиканы жана коомдун башка бардык чөйрөлөрүн башкарууда маанилүү ролду ойнойт жана өз кызматчыларынан жогорку кесипкөйлүктү, компетенттүүлүктү, мамлекеттин кызыкчылыгында кызматтык милдеттерин толук жана сапаттуу аткаруу үчүн зарыл болгон жоопкерчиликти, тийиштүү даярдыкты, билимдерди жана көндүмдөрдү талап кылат. Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу атайын укуктук жөнгө салуу аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүүчү жарандар үчүн милдеттердин өзгөчөлүктөрүн, аларды уюштуруунун жана иштөө принциптерин эске алуу менен өзгөчө талаптарды жана чектөөлөрдү аныктоого укуктуу.

Кыргыз элинин өнүгүү контекстинде салттуулук анын иденттүүлүгүн аныктоочу жашоо образын, жалпы адамзаттык баалуулуктарды, тарыхый калыптанган үрп-адаттарды сактоону жана муундан муунга өткөрүп берүүнү билдирет. Ошону менен бирге элдик салттардын бардыгы эле коомдун турмуш тартибине пайдалуу таасирин тийгизе бербейт. Айрыкча, туугандык байланыштары бар адамдардын тыгыз жашагандыгынан жана отурукташкандыгынан улам, уруулук мамилелер инсандар аралык коммуникацияны бекемдөөдө олуттуу орунду гана ээлебестен, жергиликтүү жамааттардын коомдук жашоосуна да өз таасирин сактап турат. Бул салттарды сактоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан жергиликтүү маанидеги орчундуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууда тууганчылык же башка артыкчылыктар боюнча адамдардын белгилүү бир категориясына негизсиз привилегияларды берүүгө алып келиши мүмкүн, аны менен кызыкчылыктардын кагылышуусуна жана олуттуу социалдык толкундоолорду чакырууга түрткү берген жергиликтүү калктын нааразычылыгына өбөлгөлөрдү жаратат.

Көрсөтүлгөн субъекттердин жергиликтүү жамааттын жана жалпысынан мамлекеттин алдындагы жоопкерчилигинин даражасына негизденип, Конституциялык сот тиешелүү райондун, шаардын, айылдын аймагында туулган адамдарга райондун акиминин, шаардын мэринин жана айыл өкмөт башчысынын кызматтын ээлөөгө тыюу салууну киргизүү конституциялык талаптарга ылайык келет, анткени ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өзгөчөлүктөрү менен шартталган деп эсептейт. Бул чектөө конституциялык маанилүү баалуулуктардын, коомдук жана жеке кызыкчылыктардын тең салмактуулугун бузбайт, кызыкчылыктардын кагылышын алып салууга, көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан мамлекеттин жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарында өз функцияларын объективдүү жана калыс аткарууга багытталган. Ошондой эле ал Конституция менен кепилденген мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей, адамдын жана жарандын басмырланбоого, эмгек эркиндигине болгон укуктарын жокко чыгаруу же кемсинтүү катары каралышы мүмкүн эмес.

Бишкек жана Ош шаарлары административдик-аймактык бөлүнүүнүн принциптерине ылайык өзгөчө конституциялык-укуктук статуска ээ жана республикалык маанидеги шаарлар деп таанылган.

Шаардаштыруунун масштабы, Бишкек жана Ош шаарларындагы калктын өсүү ылдамдыгы алардын административдик, саясий, экономикалык, илимий, билим берүү, тарыхый-маданий борборлордон болуусу менен башка аймактардын жашоочуларын экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир топ кеңири мүмкүнчүлүктөрү менен өзүнө тартуусу менен шартталган. Ушуга байланыштуу бул шаарлардын калкынын курамы башка административдик-аймактык бирдиктерден айырмаланып, жамааттык туулгандык жана отурукташкандык белгилери боюнча эмес, социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлине жараша түзүлөт. Мындай шартта уруулук мамилелердин өзгөчөлүктөрү Бишкек жана Ош шаарларындагы калктын курамынын калыптанышына жана жергиликтүү жамааттардын коомдук турмушуна таасир этүүсүнө жөндөмсүз. Буга байланыштуу Конституциялык сот бул бөлүктө орнотулган чектөөнү конституциялык маанилүү максаттарга өлчөмдөш эмес деп тапты.