Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзамынын кээ бир ченемдик жоболорунун конституциялуугун текшерүү жѳнүндѳ

2015-жылдын 11-мартында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесинин 1-, 4-бѳлүктѳрүнүн, 15-беренесинин, 21-беренесинин 6-бѳлүгүнүн, 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-, 6-пунктунун, 4-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 5-бѳлүгүнүн 6-пунктунун, 26-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-, 3-пункттарынын, 32-беренесинин 5-, 6-бѳлүктөрүнүн ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деген чечимин чыгарды.

 

Жарандар М. М. Жорокулов, Раимкул уулу Касымбек, Ж. Жунусов, А. У. Токталиевдин кайрылуусунан келип чыккандай аталган мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери Адвокатурага адвокаттарды кирүүгѳ милдеттендирүү менен, Конституциянын 35-беренесинде таанылган, ыктыярдуу макулдуктун негизинде жана эркин билдирүү менен коомдук бирикмелерди түзүү же аларга кирүү укугун бузат, ошону менен адвокаттын эркине каршы Адвокатурага мүчѳ болууга мажбурлайт. Алардын ою боюнча талашылып жаткан ченемдер ошондой эле Конституциянын 4-беренесинин 2-бѳлүгүндѳ каралган ар кимдин саясий партияларды, кесиптик бирликтерди жана башка коомдук бирикмелерди эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүү жана аларга кошулуу укугун чектѳѳчү механизмин түзѳт.Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп, тараптардын жүйѳѳлѳрүн талкуулап, башка жактардын маалыматын угуп төмөнкү жыйынтыктарга келди.

 

Конституция адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин татыктуу жашоону камсыз кылуу максатында бекитет, алар материалдык жана рухий муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүнчүлүк бере ала турган социалдык, саясий жана экономикалык шарттарды түзөт. Андай укуктардын бири болуп жарандардын биригүүгө болгон укугу эсептелет.

 

1948-жылы кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясы ар бир адамдын тынч чогулуу жана ассоциациялар эркиндигине болгон укугун жарыялайт (20-берене). 1966-жылы кабыл алынган Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 22-беренеси ар бир адам башкалар менен биригүү эркиндигине болгон укукка, анын ичинде кесиптик бирликтерди түзүү жана өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн аларга кирүү укугуна ээ деп белгилейт.

 

Эл аралык укуктун ченемдерин ишке ашыруу менен Конституция жарандарга саясий партияларды, кесиптик бирликтерди, дагы башка коомдук бирикмелерди өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо, саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүү укугун бекиткен (4-берененин 2-бөлүгү).

 

Жарандардын бирикмелери жарандык коомдун эӊ маанилүү институту, жарандарды мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий жашоосуна тартуу жолдорунун бири болуп эсептелет. Биригүү мүмкүнчүлүгү жарандарга өздөрүнүн каалоолорун жана кызыкчылыктарын бир жерге топтоого, мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга, өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүүгө жана ошону менен өз муктаждыктарын канааттандырууга жол берет.

 

Конституция, жарандын биригүү маселесинде толук эркиндигин баса белгилейт жана ар ким биригүү эркиндигине укуктуу деп бекитет (35-берене).

 

Биригүү эркиндиги биригүүгө толук эркиндикти гана эмес, ѳзүлѳрүнүн максаттарын жана милдеттерин ѳз ыктыяры менен аныктоодо, аларды чечүү жолдорун иштеп чыгуу жана башка кѳптѳгѳн ѳз алдынчылыкка негизделген белгилери менен таанымал. Ал эми кесиптик жамаат катары тузулгон Адвокатуранын максаттары жана милдеттери конституциялык мааниниси бар, жалпыга таандык укуктук мамилелерден келип чыгат.

 

Конституция, Кыргыз Республикасын демократиялык жана укуктук мамлекет катары жарыялоо менен, өзүнүн көптѳгѳн жоболорунда ар кимдин соттук коргонууга, кѳз карандысыз жана акыйкат сот адилеттигине болгон, ошондой эле юридикалык квалификациялуу жардам алуу, ал эми мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда, мамлекеттин эсебинен алуу укугун бекиткен (40-берене). Баш Мыйзам адамдын укуктарын жана эркиндиктерин толук кандуу калыбына келтирүү максатында ар кимдин жогорку деӊгээлдеги юридикалык жардам алууга толук мүмкүнчүлүк болуусун мамлекеттен талап кылат. Ушуну менен, адвокатты сот адилеттүүлүгүнүн максаттарына жетүүгө түздөн-түз катышкан субъект катары, анын ишине, квалификациялык деӊгээлине, жүрүм турумуна Конституциядан келип чыккан жогорулатылган талаптардын бардыгын түшүндүрөт. Ошентип адвокаттык иш жарандардын жеке укуктук кызыкчылыктары менен мамлекеттин жалпыга манилүү укуктук кызыкчылыктары кесилишкен өзгөчө чөйрөдон келип чыгат. Демек, мамлекет тарабынан юридикалык жардамдын деңгээлинин стандарттарын аныктоо, тиешелүү юридикалык жол-жоболорун бекитүү, ошондой эле адамдарга адвокаттык кесиптин чөйрөсүнө кирүүнүн критерийлерин жана шарттарын аныктоо жана башка маселелер көӊүл буруусуз калтырылышы мүмкүн эмес. Кѳрсѳтүлгѳн коомдун алдындагы ѳзгѳчѳ маанидеги милдеттери, кѳздѳгѳн максаттары, аткарган ишинин тартиби менен Адвокатура коомдук бирикмелерден айырмаланып турат жана Конституциянын 4-, 35-беренелери камтыган биригүү эркиндиги принциби Адвокатурага колдонууга жатпайт. Ошондуктан Конституция Адвокатураны ѳзгѳчѳ ѳзүн-ѳзү башкаруучу, кесиптик жааматы катары таанып, ишин уюштуруу, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги жѳнүндѳ маселелерин мыйзам менен жөнгө салууга мамлекетти түздөн-түз милдеттендирет (57-берене).

 

Жогорулардын негизинде адвокаттык ишке жол берүүдөгү өзгөчө талаптар, өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштогу милдеттүү мүчөлүк, мүчөлүк төгүмдөр, квалификацияны үзгүлтүксүз жогорулатуу, Кесиптик этика кодексин сактоо, жүрүм-турумдун кынтыксыз эместиги же өзүнүн милдеттерин ылайыксыз аткаруу үчүн жоопкерчилик, сот адилеттигин ишке ашыруу чөйрөсүндө мамлекеттик маанилүү кызыкчылыктарды камсыз кылуу үчүн социалдык жактан акталган жана Конституциядан келип чыккан зарыл талап катары каралышы тийиш.

 

Ошону менен бирге, «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзамынын жоболору адвокаттык ишти ишке ашыруу менен түздөн-түз байланышкан көптөгөн маселелерди жетиштүү деӊгээлде жѳнгѳ салбайт жана чон укуктук кенемтелерди камтыйт.

 

Кесиптик коомдоштуктун катышуусуз адвокаттын тартип жоопкерчилиги жана лицензиясынан ажыратуу маселелеринде так эместиктер, адвокаттардын күнүмкү ишин уюштуруучулук-укуктук формалары каралбастыгы, ар бир адвокаттын көз карандысыздыгын жана өз алдынчалыгын камсыз кылуунун так механизминин жоктугу адвокаттык ишке жалпыга тиешелүү коркунуч туудурат.

 

Мыйзам чыгаруучу «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзамына тиешелүү толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө мамлекеттик кийлигишүүнүн өлчөмдөштүгү принцибин сактоо менен, кесиптик коомдоштуктун өзүнүн жөндөмдүүлүгүн эске алып, ар бир адвокаттын көз карандысыздык жана өз алдынчалык принцибинин бузулушуна жол бербѳѳсү зарыл.

 

Тиешелүү толуктоолор жана ѳзгѳртүүлѳр киргизилгенден кийин  «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзамынын 32-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ченемдер аткарылууга тийиш.

 

Тѳрагалык кылган                                        КАСЫМАЛИЕВ Мукамбет Шадыканович

Судья-баяндамачы                                        ОСКОНБАЕВ Эмиль Жолдошевич