Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24 мартындагы № 158 “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

 

 

 

2023-жылдын 22-ноябрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24 мартындагы № 158 “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.

 

Конституциялык сот өз чечиминде Конституция ар бир адамга эмгек эркиндигине, эмгекти жана ден соолукту коргоого, анын ичинде коопсуздук жана гигиена талаптарына кепилдик берерин белгиледи. Мамлекет эмгек мамилелерин, анын ичинде аялдардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен укуктук жөнгө салууну аныктоо менен жарандардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо боюнча милдеттерди аткарат.

 

Эмгек кодексинин 218 жана 303-беренелеринде, “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” Өкмөттүн токтомунда аялдардын эмгегине чектөө коюу алардын ден соолугун, өзгөчө репродуктивдүү функцияларын коргоо зарылчылыгы менен шартталган жана коомдук бакубаттыктын негизги элементи катары алардын репродуктивдүү ден соолугун сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.

 

Муну менен катар эле адамдардын турмуштук керектөөлөрүн камсыз кылуучу эмгекке болгон укук жана эмгекке бирдей жеткиликтүүлүк дүйнөлүк социалдык-экономикалык саясатта өзөктүү болуп калаары белгиленген. Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакт жана Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Конвенция сыяктуу эл аралык актылар эркектер менен аялдар үчүн басмырлоосуз бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү колдойт.

Ушундан улам, мыйзам чыгаруучу “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамда жыныстык белгилери боюнча басмырлоо түшүнүгүн аныктаган жана ага ылайык башка жоболордо камтылбаган гендердик басмырлоонун критерийлерин белгилеген.

Юридикалык теңчилик принцибин ишке ашыруу аялдын тукум улантуудагы жалпы таанылган социалдык ролун эске албастан жүргүзүлүшү мүмкүн эмес, бул мамлекетти аялдар үчүн, анын ичинде энеликти коргоого багытталган эмгек мамилелери чөйрөсүндө кошумча кепилдиктерди белгилөөгө милдеттендирет, тиешелүү түрдө аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салуу боюнча талашылып жаткан ченемдер ушул жоболордун логикалык жана негиздүү ишке ашырылышын билдирет.

 

Ошентип, мыйзамда белгиленген жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кандай социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган, ошол эле учурда басмырлоо болуп саналбаган атайын чараларды колдонуунун конституциялык мүмкүндүгүн эске алуу менен Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбейт деген тыянакка келет.

Ошону менен бирге, аялдардын эмгегин колдонуу чектелген эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын жана кызмат орундарынын тизмеси 2000-жылы бекитилгенин жана кандайдыр бир олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болбогонун эске алуу менен, жогорку аткаруу органы жарандардын жашоо-турмушунун бул маанилүү тармагына жетиштүү көңүл бурбай жаткандыгын белгилөөгө болот, ал техниканын жана технологиялардын өнүгүшүнөн улам келип чыккан эмгек шарттарында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү системалуу мониторинг жүргүзүүнү, эсепке алууну талап кылат. Өндүрүштүн кээ бир зыяндуу факторлору жоюлушу мүмкүн же алардын таасири азайып, аялдардын репродуктивдик ден-соолугу үчүн эмгек шарттары коопсуз болуп калды. Бул техникалык жана илимий жетишкендиктер аялдардын эмгеги үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берген өндүрүштөрдү, жумуштарды жана кызмат орундарын алып салуу жолу менен Тизмени дайыма жаңылап туруу жана негиздүүлүк зарылдыгын шарттайт.