Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорунун кээ бир ченемдеринин конституциялуугун текшерүү жөнүндө

2013-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорунун кээ бир ченемдеринин конституциялуугун текшерүү жөнүндө ишти карады жана аталган иш боюнча өзүнүн чечимин чыгарды.

Жарандар Н. А.Абдразаков, Ч.С.Кемпирбаеванын каайрылуулары ишти кароонун себеби болду.

 

 Маселенин тарыхы

Банк тууралуу  мыйзамдарга ылайык, банктар жана алардын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар болгону, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын актыларын бузуулар  болгону жана банктагы финансылык стабилдүүлүккө шек келтире турган иштерге банктын катыштыгы аныкталган  болсо, Улуттук банк өзүнүн ыйгарым укуктуу органы аркылуу мындай банкка, анын кызматкерлерине эскертүүчү жана акыркы мүнөздөгү чараларды көрө алат.

 

Н.А. Абдразаков «Азия Универсал Банк» ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасынын кызматын, Ч.С. Кемпирбаева «Азия Универсал Банк» ачык акционердик коомунун вице-президентинин кызматын аткарып келишкен  жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдөө Комитети 2011-жылдын 16-июнунда чыгарган «Азия Универсал Банк» ачык акционердик коомунда кызмат ордун ээлеген адамдар жөнүндө» №12/5-токтому менен алар банктык тажрыйбада туура эмес же зыяндуу деп эсептелген иштерге катышкандыктарын аныктаган.

 

Ушул токтом “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, Мыйзамынын 32-беренесине, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк системасы жөнүндө” Мыйзамынын 45-1–беренесине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» 2005-жылдын 19-майындагы №16/2 Улуттук банкынын токтому менен кабыл алынган жобонун 6.9.3 жана 6.9.4.-пунктчаларына жана «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 Улуттук банкынын токтому менен кабыл алынган жобонун 16.1 пунктунун 5- б) пунктчасына ылайык кабыл алынган.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамда аныкталган ыйгарым укуктарга ылайык, Конституциялык палата тарабынан жогоруда айтылган Улуттук банктын Башкармалыгынын токтому менен бекитилген ченемдик укуктук актыларга кирген эки жобонун ченемдери каралды.

 

Кайрылуучулардын позициясы

Кайрылуучулардын  пикири боюнча, алардын эмгектенүүгө жана өз эмгектик жөндөмдөрүн каалагандай пайдаланууга болгон конституциялык укуктары менен эркиндиктери мыйзам же Конституция менен эмес, мыйзамга баш ийген укуктук ченемдик актылар – Улуттук банктын актылары менен чектелген, бул болсо алардын пикири боюнча  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгү менен 20-беренесинин 1-жана 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет.

 

Конституциялык палатанын позициясы

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар ким эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоо укугуна ээ болгонуна кепилдик берет. Бул укуктарды ишке ашыруунун тигил же бул жолун тандап алуу менен бирге, жарандар мыйзам тарабынан аныкталган бул ишмердүүлүктүн катышуучуларынын укуктары жана милдеттери менен, алардын укуктук статусу менен,  ошондой эле  бул укуктарды ишке ашыруудагы  мамлекеттик кепилдиктер жана жоопкерчилик менен шартталган  юридикилык кесепеттерге макул болушат.   

 

Кыргыз Республикасынын банк системасында көзөмөлдөөнү ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк тууралуу  мыйзамдарга ылайык, банктарды лицензиялайт, банктардын ишин жана алардын кызматчыларынын ишин жөндөйт. Мыйзам чыгаруучу банк көзөмөлдөө милдетин, банктардын өзгөчө статусун –  акча каражаттарын топтоо, анын ичинде калктан салым катары түшкөн акчаларды чогултуу жана андан кийин салымдарды өз атынан пайдаланып туруу укугуна ээ каржылык мекеме экенин эске алуу менен баса белгилеген. Себеби так ошол банктарга гана калктын акча каражаттарын банктагы эсебине ачык келишим механизми аркылуу депозит жана салымдар, аманаттар катары тартып чогултууга уруксаат берилгендиктен, банктардын мындай статусу (абалы) алардын ишине өзгөчө көзөмөл жүргүзүүнү талап кылат.Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл кылуучу орган катары, баардык банктар уруксат берилген гана иштерди аткарып, ал эми аларда иштеген кызматчыларынын абийири, аброю менен бедели кынтыксыз болуп, банк иштерине зарыл атайын билимдерге ээ болушун талап кылуугаукуктуу, анткени аларга калктын акча каражаттары же мүлкү ишенип тапшырылган.

 

Так ошол үчүн мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, жетекчилик кызмат орундарын ээлөө укугуна  тиешелүү талаптарды аныктоо милдетин койгон. Кызмат орундарын ээлөөчү адамдарды кабыл алууну макулдашуунун сөзсүздүгү жетекчилик кызматтарга ишенимге ээ болгон адамдардын гана өтүшүн көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы камсыздап турат. Эгерде бул адамдар мыйзамдуулуктун чегинен сырткары иштерге барса, банкты банктык тажрыйбада туура эмес же зыяндуу деп эсептелген иштерге катыштырып жана ошону менен ишенимин жоготушса, анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аларды мыйзамда аныкталган шарттарга ылайык башка кызматчыларга  алмаштырууга укуктуу.

 

Финансылык коопсуздук Улуттук коопсуздуктун бир бөлүгү болуп эсептелет, ошондуктан Улуттук коопсуздукту коргоо максатында, финансылык коопсуздукка шек келтирбөө үчүн, мыйзам чыгаруучу коммерциялык банктардагы белгилүү бир кызматтарга алынуучу талапкерлерге жогорулатылган талаптарды койгон жана бул талаптардын аткарылышын көзөмөлдөөнү Улуттук банкка тапшырган.

 

Ошондуктан, талаш-тартышты жараткан  укуктук ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы  келбейт.

 

Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» 2005-жылдын 19-майындагы №16/2 Улуттук банк Башкармасынын токтому менен кабыл алынган жобонун 6.9.3 жана 6.9.4.-пунктчалары, жана «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 Улуттук банк башкармасынын токтому менен кабыл алынган жобонун 16.1 пунктунун 5- б пунктчасы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келет деп чечти.

 

 Төрагалык кылган                 КАСЫМАЛИЕВ Муканбет Шадыканович

Судья-баяндамачы     АЙДАРБЕКОВА Чинара Аскарбековна