Меню навигации+

Жазык-процесстик кодекстин 131-беренесинин 1-бѳлүгүн, 132-беренесинин 1-бѳлүгүн конституциялуугун текшерүү жөнүндө

2014-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 131-беренесинин 1-бѳлүгүн, 132-беренесинин 1-бѳлүгүн конституциялуугун текшерүү жөнүндө иш карады  жана ал боюнча өз чечимин чыгарды.

Жаран Т.Дж. Саатов жаран Г.А. Эркебаеванын кызыкчылыгын кѳздѳгѳн кайрылуусу  ишти кароонун себеби болду.

 

Маселенин тарыхы

ЖПКнын 131-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ тергөөчүнүн, прокурордун жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө, жазык ишин токтотуу жөнүндө токтому, ошого тете алардын жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине зыян келтирүүгө жөндөмдүү же жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүн кыйындатуучу чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиктери) териштирүү өндүрүшүнүн жери боюнча сотко даттанылышы мүмкүн деп аныкталган. Бул ченемди колдонууда  соттор ошондой эле ЖПКнын 132-беренесинин 1-бөлүгүн дагы колдонушкан, ал тергөөчүнүн, прокурордун айрым гана токтомдорун караштырган, анын ичине жазык ишин  козгоо жөнүндө токтом киргизилген эмес. ЖПКдагы ички карама-каршылыктардын натыйжасында карама-каршылыктуу сот практикасы калыптанган, мында айрым соттор кароо үчүн тергөөчүнүн токтомуна карата, прокурорлор кылмыш ишин козгоо жөнүндө даттанууну кабыл алышат, башка соттор болсо, тергөөчүнүн, прокурордун кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечимдери даттанылууга жатпайт деп эсептөө менен, даттануу боюнча өндүрүштү токтотушат.

Ушуга байланыштуу жаран Т.Дж. Саатов Конституциялык палатага ЖПКнын      131-беренесинин 1-бѳлүгүн, 132-беренесинин 1-бѳлүгүн таануу боюнча жана Конституцияга карама-каршы келет деп  ѳтүнүч менен кайрылган.  

 

 

Тараптардын позициясы

Арыз берүүчүнүн оюу боюнча, ЖПКнын 131-беренесинин 1-бѳлүгүн, 132-беренесинин 1-бѳлүгүн жарандарды соттук коргонуу укугунан ажыратуу менен жана ар бир адамга анын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоону кепилдей турган  Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнө жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама каршы келет деп белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин ѳкүлү ЖПКнын 131-беренесинин   1-бѳлүгүндѳ «тете алардын чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиктери)» деген сѳз айкалышы адамдарга тергөөчүнүн, прокурордун каалаган аракеттерин  ошонун ичинде жазык ишин козгоо токтомуна сотко даттануу мүмкүнчүлүк берет деп эсептейт.

 

 

 

Конституциялык палатасынын позициясы

ЖПКнын 131-беренесинин 1-бөлүгүндө, мыйзам чыгаруучу, жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө, кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтомдор гана даттанылбастан, жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине зыян келтирүүгѳ жөндөмдүү же жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүн кыйындатуучу чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиктери) дагы даттаныла тургандыгын аныктаган.

Жазык ишин негизсиз козгоо, жазык ишин козгоодон негиздебей туруп баш тартуу сыяктуу эле, жазык соттук өндүрүштөрүнүн милдеттерине карама-каршы келип турат жана мыйзамдуулуктун бузулушу болуп эсептелет.

ЖПКнын 131-беренесинин 1-бөлүгүн колдонуу учурунда карама-каршылыктуу келген сот практикасы калыптанат, мында айрым бир соттор кароо үчүн тергөөчүнүн токтомуна карата, прокурорлор жазык ишин козгоо жөнүндө даттанууларды кабыл алышат, башка соттор болсо, тергөөчүнүн, прокурордун жазык ишин козгоо жөнүндө чечимдери даттанылууга жатпайт деп эсептөө менен, даттануу боюнча өндүрүштү токтотушат.

 

Соттор, мындай иштер боюнча өндүрүштү токтотуу менен, ЖПКнын 131-беренесин ушул кодекстин 132-беренеси менен өз ара байланышта карашкан, анда жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан датталынылуучу процессуалдык актылардын чектелген тизмеги келтирилген.

Мыйзам чыгаруучу, ЖПКнын 132-беренеси менен тергөөчүнүн, прокурордун чечимдерине карата даттанууларды кароонун соттук тартибин жөнгө салуу менен, ушул эле берененин 1-бөлүгүнө аны жөнгө салуу предметине карата тиешеси болбогон ченемдик жоболорду киргизген. Ушуга ылайык, Конституциялык палата ЖПКнын 132-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү үчүн негиздөөлөрдү таппайт.

Мыйзам чыгаруучу ЖПКда болгон ченемдердин карама-каршылыктуулугун чыгарууга тийиш. Бул өзгөртүүлөр Конституция тарабынан кепилденген ар бир адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин соттук корголууга карата укугун камсыздоого тийиш, жана укук колдонуу процессиндеги аныкталбагандыкты чыгарып жана анын сот органдары тарабынан негизсиз колдонулушуна укуктук мамлекеттик конституциялык принциптер менен макулдашылбай турганын алып келет.

Конституциялык палата ЖПКнын 131-беренесинин 1-бѳлүгүн Конституцияга карама-каршы келбейт деп чечти.

 

 

Процессте төрагалык кылган:                            Муканбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                                Эркинбек Тобокелович Мамыров