Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 4-бѳлүгүнүн конституциялуугун текшерүү жөнүндө

2013-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жаран Ринат Изтаевич Етекбаевдин кайрылуусу боюнча ачык соттук жыйналышта «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 4-бѳлүгүнүн конституциялуугун текшерүү жөнүндө иш карады.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 4-бѳлүгү Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу, ишти кароого негиз болду.

 

Маселенин тарыхы

 Р.И. Етекбаев Конституциялык палатага ченемдик укуктук акты – Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2001-жылдын 2-майындагы №137 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы мас абалын же психикалык жактан активдүү заттарды колдонуу фактысын аныктоо предметине карата медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүү тартиби жөнүндө жобону конституциялык эмес деп таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган.

Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык конституциялуулугу талашылып жаткан актыны жокко чыгаруу же анын күчүн жоготушу кайрылууну Конституциялык палатанын өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартууга алып келет деп жаран Р.И. Етекбаевдин кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктама чыгарган.  

Ушуга байланыштуу, Р.И. Етекбаев Конституциялык палатага «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык  мыйзамдын 28-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуугун текшерүү жѳнүндѳ кайрылуусу менен кайрадан кайталап кайрылган.

 

 Тараптардын позициясы

 Талашылып жаткан ченем Конституциянын 97-беренесинин 7-бөлүгүнө карама-каршы келет, анда ар бир адамдын мыйзамдын же башка ченемдик укуктук акттын конституциялык экендигин талашып-тартышуу укугу каралган, эгерде ал адам бул ченемдер тарабынан Конституцияда таанылган укуктары жана эркиндиктери бузулат деп эсептесе. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык  мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгү жокко чыгарган же күчүн жоготкон ченемдик укуктук актылардын конституциялык экендигин текшерүү мүмкүндүгүнө жол бербейт, демек, ал жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багыталган эмес, жана өз жаратылышы боюнча, алардын Конституциянын 97-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укуктарын бузат.

 

 

Конституциялык палатасынын позициясы

 Конституциянын 97-беренесине ылайык Конституциялык палата мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табат, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду  жана Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду берет. Конституциялык палатанын бул ыйгарым укуктары акыркы болуп эсептелет жана башка мыйзамдар менен кеңиртилиши мүмкүн эмес. Мында Конституциянын 97-беренесинин 7-бөлүгү ар бир адамга, анын Конституция тарабынан таанылган укуктары жана эркиндиктери бузулат деп мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун талашууга укук берет.

Ошентип, Конституциянын 97-беренеси, Конституциялык палатага кайрылуу укугун берүү менен, бул аракетти кайрылуунун субъектисинин укуктары жана эркиндиктеринин тике түрдө бузулушу менен байланыштырбайт. Конституциялык көзөмөлдүктүн мындай түрү абстрактуу деп аталат жана төмөнкү максатты – ченем жаратуучу орган тарабынан Конституцияны жана ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу процессинде адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жөнгө салуучу жоболорунун сакталышын көздөп турат.

 

Конституциялык палата, Конституцияда жана конституциялык мыйзамда аныкталган өз ыйгарым укуктарынын алкагында, конституциялык мыйзам тарабынан белгиленген тартипте, иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларды гана караштырат.

Конституцияда көрсөтүлгөн Конституциялык палатанын ыйгарым укуктарынын чектеринде, ченемге көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укугу, жокко чыгарылган же күчүн жоготкон ченемдик укуктук актыларды кароону божомолдобойт, Конституциялык палата тараптан кабыл алынып жаткан чечимдердин түпкү максаты  Конституцияга карама-каршы келип турган ченемдик укуктук актынын иштешин жокко чыгарат.

Ошентип, кайрылууну Конституциялык палатанын өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартуунун негиздеринин бири конституциялуулугу талашылып жаткан акттын жокко чыгаруу же күчүн жоготушун караштырган «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын каралып жаткан 28-беренесинин 4-бөлүгү, Конституциялык палатанын Конституцияда аныкталган ыйгарым укуктарынын маанисинен жана кабыл алынып жаткан актылардын укуктук натыйжаларынан келип чыгат (97-берененин 6, 9-бөлүктөрү) жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт.

 

 

 Процессте төрагалык кылган:                            Муканбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                                Чинара Аскарбековна Айдарбекова