Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 119-беренесинин 1- жана 6-бѳлүктѳрүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

Мүлккө сот актысы жок камак салуу жеке менчик укугун бузуу болуп саналбайт, мындай чечим бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан кабыл алынды. Анткени, Конституциялык палатага жарандар Т.Э. Карабаев жана П.Н. Евсеев ЖПКнын 119-беренесинин 1- жана 6-бѳлүктѳрүн (Мүлккө камак салуу) конституциялуу эмес деп табуу жѳнүндѳ өтүнүч менен кайрылышкан.

 

Арыз берүүчүлөрдүн пикири боюнча, ЖПКнын талашка түшкөн ченемдери Конституция тарабынан аныкталган жеке менчик ээсинен мүлктү алып коюу тартибине туура келбейт (12-беренесинин 2-бѳлүгү) жана Конституция тарабынан кепилденген, жарандардын өз ишмердүүлүгүнүн натыйжасында ѳзүнүн мүлкүнѳ ээ болуу, колдонуу жана тескѳѳ укугун бузуп жатат (42-беренесинин 1-бѳлүгү). ЖПК, прокурорго, ошондой эле прокурордун санкциясы менен тергөөчүгө жарандардын мүлкүнө камак салууга өзгөчө укук берүү менен, жеке менчиктин кол тийбестик принцибин бузат, ага ылайык эч ким өз билемдик менен мүлкүнөн ажырай албайт, жеке менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү тартып алуу коюга соттун чечими менен гана жол берилет.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет; менчик укугу адамдын негизги укуктары эсептѳѳ менен эң жогорку баалуулук болуп эсептелет жана тикелей колдонулат.

Конституциянын 12-беренесинин 2-бөлүгүнөн алып караганда, жеке менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюу жеке менчик укугун жоготуу жана толук токтотуу менен байланышкан юридикалык жана иш жүзүндөгү аракеттердин (окуялардын) жыйындысын түшүндүрөт.

 

ЖПКга ылайык мүлккө камак салуу жеке менчик ээсине ошол мүлккѳ ээлик кылуудан, зарыл болгон учурларда мүлктү пайдаланууга тыюу салуудан турат.

Процессуалдык мажбурлоонун бул чарасы, шектүү адам камоого тийиш болгон мүлктү жашырууга, зыянга алып келүүгө же жок кылууга негиз болгон учурда, мүлктү тартып алууга мүмкүн болгон же башка мүлктүк алуулар, жарандык доо арызынын бөлүгүндө өкүмдү аткарууну камсыз кылуу үчүн колдонулат жана бул чараны колдонуу зарылдыгы бүткөндөн кийин алынып салынат.

Буга ылайык, мүлккө камак салуу убактылуу мүнөзгө ээ, жана тескѳѳ укугун, айрым учурларда колдонуу укугун убактылуу чектөө болуп саналат.

Ошентип, ЖПКнын 119-беренесинин 6-бөлүгүндө колдонулган «алып салуу» түшүнүгү жеке менчикти бузуу катары каралбашы керек, анткени ал жеке менчик укугун толук ажыратуу же токтотууну түшүндүрбөйт жана мүлккө болгон жеке менчик укугунун башкага өтүүсүн түшүндүрбөйт.

 

Мүлккө камак салууну башка адамдардын укугун жана эркиндигин коргоо максатында Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган киргизүү мүмкүндүгү, чектөөчү чара катары караш керек. Негизинен, бул жабыркаган адамдын укугун калыптандырууну жана ага келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу зарылдыгы менен шартталган.

Буга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу, прокурорлор менен тергөөчүлөрдү жабыркагандардын укугун жана эркиндигин коргоого багытталган өз убагындагы чараларды кабыл алуу үчүн мүлккө камак салуу боюнча ыйгарымдарды берген.

Бул учурда, мүлккө камак салуу жѳнүндѳгү тергөөчүнүн же прокурордун токтому соттук тартипте даттанууга жатат, бул жеке менчик укугун коргоонун кепилдиги болуп саналат.