Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

2014-жылдын 19-декабрында Конституциялык палата биринчи инстанциядагы соттук териштирүүнүн жүрүшүндѳ чыгарылган соттук токтомдору боюнча апелляциялык тартипте даттанууга тыюу салууну, процесстин катышуучуларынын далилдерине тийиштүү, ошондой эле бөгөт коюу чарасын тандап алууну, өзгөртүүнү же жокко чыгарууну регламентештирилген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бѳлүгүнүн ченемдик жобосу Конституциянын 20-беренесинин 3, 8-бѳлүктѳрүнѳ, 24-беренесинин 1, 3- бѳлүктѳрүнѳ, 25-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келбейт деген чечим чыгарды. Ошону менен, Жогорку Кеңешке Кыргыз Республикасынын ЖПК чечимдин жүйѳѳлүү болүгүнѳн келип чыккан тиешелүү ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин деп тапшырылды.

 

Жарандар К.Б. Иманалиев, Ю.А. Богданова жаран К.У. Айталиевдин кызыкчылыгындагы Конституциялык палатага кайрылып жана талашка түшкѳн беренени конституциялык эмес деп табууну суранат, анткени ал ар ким соттук коргоого болгон укугун бузуп жатат деп эсептейт.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөѳлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

Ар бир адамдын соттук коргоого болгон укугу бардык субъектилерге көз карандысыз жана калыстык соттор тарабынан тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде ишке ашырылган сот адилеттигине эркин жана тең укуктуу, ошондой эле алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын анын ичинде соттук катачылыктардан коргоону камтыйт. Сот адилеттиги өз маңызы боюнча адилеттүүлүктүн талаптарына жооп берген учурда гана таанылат жана укуктарды калыбына келтирүүнү майнаптуу камсыз кылат. Бул максаттарда ЖПК сот чечимдерин кайра кароо жол жоболору апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанцияларында алдын ала каралган.

 

Сот адилеттигин жүргүзүп, соттор көп сандаган процесстик аракеттерди кылуу менен, өз мазмуну, таризи жана мааниси боюнча айырмаланып турган чечимдерди кабыл алышат. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган өкүм, соттун башка чечими боюнча жазык иши маңызы боюнча чечилет жана жыйынтык соттук чечимдер болуп саналат. Жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө же соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун башка токтомдору жыйынтыктоочу эмес (ортосундагы) актыларга кирет. Ортодогу актыларды чыгаруу жолу менен сот тарабынан чечилген маселелер ЖПК ар кайсы бөлүмдөрүндө жөнгө салынат, алар жазык сот өндүрүшүнүн ар кайсы стадияларында чыгарылат, анын ичинде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө да.

Даттанып жаткан ЖПК 339-беренесинде сѳз соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган биринчи инстанциядагы сот актылары жѳнүндѳ болот, алар сот адилеттигин жүргүзүү учурунда чыккан суроолорго жооп берет, жазык ишин маңызы боюнча жана акылга сыяр мөөнөттүн ичинде чечилишин камсыз кылуу менен процесстин катышуучулары тарабынан алардын укугун ишке ашыруу жана алар өз процесстик милдеттерин аткарышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон максаттарды түзүү максатын көздөйт.

 

Сот териштирүүсүнүн жүрүшүндө чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун токтому, ЖПК 339-беренесинин 1-бөлүгүндө чагылдырылган мыйзам чыгаруучунун позициясынан алып караганда, процесстин катышуучуларынан апелляциялык тартипте жыйынтыктоочу актыны чыгарганга чейин жеке даттанууну же жеке сунушту алып келүү жолу менен даттануу жүргүзөт. Мындай актылар өз алдынча даттанылат, анткени өкүмдүн мазмуну менен түз байланышта турбайт, сот териштирүү убагында келип чыккан айрым маселелерди камтыйт. Андан сырткары, мындай токтомдорго даттануу тартиби иштин андан ары жылышына тоскоол болбойт.

ЖПК 339-беренесинин 2-бөлүгүндө апелляциялык тартибинде даттануу жѳнүндѳ жалпы эрежелерден алып салуу каралган. Ошентип, процесстин катышуучуларынын өтүнүчтөрүнө, бөгөт коюу чараларын тандоо, өзгөртүү же жокко чыгарууга тиешелүү сот териштирүүсүнүн убагында чыгарылган токтом ЖПК 38-бөлүмүндөгү эрежелер боюнча даттанууга жатпайт.

ЖПК менен орнотулган, иш боюнча жыйынтык чечим чыгарылганга чейин сот процессинин катышуучуларынын өтүнүчтөрүнө карата сот текшерүүсүнүн убагында чыгарылган биринчи инстанциядагы сот токтомдоруна даттанууга түздѳн-түз тыюу салынышы, жогоруда көргөзүлгөн токтомдор менен чечилген маселелер жыйынтык актыны чыгарууга түздөн түз тиешеси бардыгы жана өкүмдүн мазмуну менен байланыштуу болушу менен шартталган. Каралып жаткан токтомдордун укуктук маңызы, жазык сот өндүрүшүндөгү алардын функционалдык багыты аларды жыйынтыктоочу соттун чечими менен бир убакта даттануу зарылдыгын болжолдойт.

Ѳтүнүчтү негиздүү жана мыйзамдуу чечүүгө болгон укукту ишке ашырууга байланыштуу биринчи инстанциядагы соттун сот териштирүүлөрүнүн убагында бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү, ага кайрадан арыз берүү мүмкүнчүлүгү менен кепилденет, анын ичинде апелляциялык инстанцияда сотто да, ал биринчи инстанциядагы сот тарабынан канааттандырылбаган себептен гана канааттандыруудан баш тартууга укуксуз.

 

Процесстин катышуучуларынын өтүнүчүнө байланыштуу, биринчи инстанциядагы соттун токтомун өз алдынча даттануга мыйзамда ортотулган тыюу салуу, аларга жалпы даттанууга мүмкүн эмес дегенди билдирбейт.

Талашка түшкөн инстанциядагы соттун токтомдорунун ченемдик жоболоруна даттануу тартибин укуктук жөнгө салуу жетишээрлик ачык эмес мүнөзгө ээ. Мыйзамдын так эместиги жана ачык эместиги бир жактуу эмес талкуулоо мүмкүндүгүн жаратат, буга ылайык, анын ченемдерин өзү билгендей колдонууга алып келет, буга байланыштуу каршы келе турган укук колдонуу практикасы түзүлдү. Кассациялык жана көзөмөл тартипте бөгөт коюу чараларын тандоо, өзгөртүү же жокко чыгаруу жѳнүндѳ соттун токтомуна даттануудагы укуктук иш чаралардын жетишсиз иштелип чыккандыгы ар кандай укук колдонуу практикасына алып келди, бир мезгилде мындай токтомдорго даттануулар каралат, башка учурларда кароосуз калтырылат.

Баяндалгандын эске алып, Жогорку Кеңешке ЖПКга ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилши зарыл.

 

Бул иш боюнча Конституциялык палатанын судьялар Э.Ж. Осконбаевдин, К.С. Сооронкулованын жана Э.Т. Мамыровдун ѳзгѳчѳ пикири бар.

 

 Тѳрагалык кылуучу            Касымалиев Мукамбет Шадыканович

Судья-баяндамачы               Бобукеева Меергуль Рыскулбековна