Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 16-бѳлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

2015-жылдын 24-июнунда Конституциялык палата, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 16-бѳлүгүнүн ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө жүзѳгѳ ашыруу, талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу, ошондой эле мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү ЖМК жоопкерчилигин караган бѳлүгүндѳ ишти карады.

 

Ошентип, Конституциялык палатага жарандар Б.К. Осмонбаев, А.М. Осмоналиева, Г.А. Суталиновалар жогоруда кѳрсѳтүлгѳн ченемди Конситуцияга карама-каршы келет деп таану менен жана талашка түшкѳн ченем менен адамдардын маалымат жана сөз эркиндиги чектелгендиги, ЖМК талапкерлердин ар намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин түшүрө турган маалыматтарды таратылгандыгы үчүн негизделбеген жоопкерчиликти жүктөлгѳндүгү деп эсептешет.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

Конституция адамдын укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болот деп жарыялоо менен ар кимге эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга, өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу, маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ болууга кепилдик берет (31-берененин 1, 2–бѳлүктѳрү, 33-берененин 1-бѳлүгү).

Аны менен бирге, шайлоо процессинин жүрүшүндө сөз эркиндиги жана маалымат эркиндиги кандайдыр бир мезгилде шайлоо институттарынын жалпы түзүмүнө да кирип калат, жана аны менен бирге ѳлкѳнүн эркин билип туруп атайылап билдирүү үчүн зарыл болгон саясий маалыматтык мейкиндикти түзөт, жана муну менен жалпыга маалымат каражаттарынын арасынан өзгөчө орунду ээлейт.

 

Шайлоо процесси бул ЖМКнын өзгөчө ишмердүүлүк тармагы, ал жакта, алар бир жагынан маалымат берүү каналынын кызматын аткарышса, экинчи жагынан – шайлоо алдындагы үгүттөө куралы жана коомдук көзөмөл шайманы катары кызмат кылат.

Шайлоочуларды шайлоо жѳнүндѳ кабардар кылуу маалыматтын эркиндигин жана пикирин билдирүү эркиндигин ишке ашыруу менен түздөн түз байланышкан жана ЖМКлардын маанилүү демократиялык кызматы болуп саналат, ал мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, юридикалык жана физикалык жактар менен катар бул процесстин активдүү катышуучулары болуп саналышат. Бул учурда, ЖМК үгүт ишмердүүлүгүнүн субъектиси болуп саналбайт. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер жана саясий партиялар үгүт жүргүзүүгѳ укукка ээ. ЖМК маалыматтык тейлөөнүн куралы жана өндүрүүчүсү, шайлоо алдындагы үгүттөөнүн шайманы болуп гана саналат.

Ошентип, шайлоо алдындагы үгүт болгон укук пикирин билдирүү эркиндигине болгон, сөз эркиндигине болгон укук менен ылайык келбейт. Ал катуу бир аныкталган тартипте, шайлоо алдындагы үгүттөөнүн мезгилинде жана шайлоо укук мамилелеринин алкагында гана ишке ашырылат.

 

Мамлекеттин негизги маңызынын бири болуп, бийликтин өз алдынча легитимдүү тутумунун болушу саналат, аны калыптандыруунун негизги ыкмасы болуп мезгилдүү демократиялык шайлоолор саналат, алар мамлекеттик бийлик органдарынын бардык түзүмүнө баштапкы жогорку легитимдүүлүктү берет. Бул учурда, мамлекеттик бийликти калыптандыруу жана уюштуруу маселелери сырттан эч кандай кийлигишүүсүз, мамлекет тарабынан өз алдынча чечилиши керектигин баса белгилей кетүү керек. Улуттук укук тартибин орнотуу өздүк конституциялык принциптерге ылайык көз карандысыз мамлекеттин ажырагыс атрибуту болуп саналат.

Шайлоо процессиндеги мамлекеттик суверенитеттин негизги мазмуну, мамлекет – эл аралык ченемдерге таянуу менен жана өз милдеттеринин алкагында, шайлоо жол жоболорун уюштуруу учурунда укук кароонун бардык толуктугу жана эркиндигине ээ болгондугунда турат. Шайлоо процессин жөнгө салууга болгон мамлекеттин укугу эл аралык мамилелердин башка субъекттер менен макулдашуусун талап кылбайт.

Ушундан чыккандай, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 16-бѳлүгүндѳ мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк ЖМКда шайлоо алдындагы үгүт ѳткѳрүүгѳ тыюу салынууну караган.

 

Шайлоо ѳткѳрүү мезгилинде чет ѳлкѳлүк теле- жана радио программаларды жазылып алынган түрүндѳ берүүнү милдеттендирген ченемдик жоболор жогоруда аталып кеткен тыюу салуунун келип чыккан анын туундусу болуп саналат. Мыйзам чыгуруучу тарабынан колдонулган укуктук жөнгө салуу ыкмасы көз карандысыз мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү фактысын эскертүүнүн укуктук механизми катары каралышы керек. Мындай укуктук орнотмолордун болушу ар биринин пикирин эркин билдирүү жана маалымат эркиндигине болгон конституциялык укугунун бузулушу катары каралбашы керек, анын ичинде чет элдик ЖМКлардын дагы. Чет элдик теле- жана радио программаларды берүү учурунда алар шайлоо жѳнүндѳгү толук маалыматка жетки алуу жана шайлоо процесси жѳнүндѳгү маалымат берүү эркиндигине болгон укуктан ажыратылбайт.

«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык кайра трансляциялоону жүзөгө ашыруу максатын көздөгөн жана буга даярдоочудан уруксат алган телерадио берүү уюму кайра трансляциялоого арналган программалардын мазмунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайыктоого милдеттүү. Мындай милдеттенмени телерадио берүү уюмдарына жүктөө өндүрүүчүнүн тандоосу боюнча жана трансляцияланып жаткан программалардын мазмуну боюнча анын эркин кароо укугунан келип чыгат, жана ошол эле убакта, трансляцияланып жаткан программалардын мазмунунан үгүттөөчү мүнөзгө ээ маалыматтык материалдарды алып салуу анын милдеттеринин бири болуп саналат.

Чет ѳлкѳлүк теле- жана радио программалар жазылып алынып жаткан ретрансляциялоону караган ченем, ошондой эле талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле– жана радио программаларды жазып алып берүүгѳ ретрансляциялоону тыюу салган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 16-бөлүгүнүн ченемдик жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу максатын көздөйт. Мындай учурларда буга окшогон маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик жергиликтүү ЖМКларга жүктөлөт.

Коомдук жашоонун бардык тармактарында инсандыктан артыкчылыгын жана анын укуктарын тастыктоо менен, Конституция ар бирине ар намысын жана кадыр баркын коргоого укукту кепилдеген (29-берененин 1-бѳлүгү). Эч ким сот алдында өз ар намысын жана кадыр баркын, ошондой эле ага байланышкан укуктарды жана эркиндиктерди коргоодо чектелбейт. Туура эмес, терс маалыматты жайылтуунун натыйжасында зыян келтирилген ар намыс, кадыр баркты коргоо чындап камсыздалышы керек. Ошол эле убакта, талапкерлердин ар намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин чет ѳлкѳлүк  ЖМКларда коргоону төгүнгө чыгаруу маселелерин жөнгө салуу, мындай мүмкүнчүлүк мыйзамга ылайык милдеттүү түрдө берилип жаткандан кийин, мүмкүн болбой калгыдай.

 

Чет ѳлкѳлүк теле- жана радио программаларды ретрансляциялоону жазып алууну ишке ашыруу жѳнүндѳ талапты камтыган талашка түшкөн ченемдик жобонун курамы, ошондой эле талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды тараткан теле- жана радио программаларды ретрансляциялоону тыюу салуу жергиликтүү ЖМКлар тарабынан алдын ала жазуу жүргүзүү жана дыгы өзүнүн артынан терс кесепеттерди алып келген берилип жаткан маалыматтын мазмунун баалоо талабын бузгандыгын божомолдойт жана алардын жооперчилик тартышы үчүн укуктук негиз түзөт.

Буга байланыштуу, талапкерлердин ар намысын жана кадыр баркын коргоо механизмдеринин жоктугунан улам, жоопкерчиликти теле- жана радио программаларды ретрансляциялоону ишке ашырып жаткан жергиликтүү ЖМКларга жүктөө негизделген болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ретрансляцияланып жаткан чет ѳлкѳлүк теле- жана радио программалардын мазмунун көнүктүрүүнүн жалпы эрежелери менен макулдашылат.

Жалпысынан, мыйзам чыгаруучу, мындай укуктук жөнгө салууну ишке ашырып жатып, ар биринин сөз эркиндигине болгон укугу, оюн жана маалыматты чагылдыруу, чыныгы демократиялык шайлоо мамлекеттик көз карандысыздыктын ажырагыс бөлүгү сыяктуу конституциялык маанилүү баалуулуктардын бардыгын эске алган.

Мындай мыйзам чыгаруучу регламенттөөдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 2-бөлүгүндө, 33-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган укуктардын чектелишин же бузулушун көрө алган жок.

 

 Төрагалык кылган                                                           Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                              Эмиль Жолдошевич Осконбаев