Меню навигации+

«Борбордун статусу жөнүндө» КР Мыйзамынын 22-беренесинин 2-абзацынын жана «Ош шаарынын статусу жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 22-беренесинин 2-абзацынын ченемдик жоболорунун конституциялуугун текшерүү жѳнүндѳ

25-ноябрда Конституциялык палата, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар адам Бишкек жана Ош шаарынын мэри боло албайт деп белгилеген «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-абзацынын жана «Ош шаарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-абзацынын ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карады.

 

Бишкек жана Ош шаарлардын статусун белгилеп кетүү менен Конституциялык палата «Борбордун статусу жөнүндө» КР Мыйзамынын жана «Ош шаарынын статусу жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын талашка түшкѳн жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таануу жѳнүндѳ чечим чыгарды.

 

Талашка түшкѳн ченемдин конституциялуулугун негиздѳѳ менен Конституциялык палата, конституциялык негиздеринин туруктуулугу үчүн мамлекет натыйжалуу укуктук механизмдерге муктаж, ал кѳпчүлүк бийликтин криминалдашуусу жана кыянаттык менен пайдалануудан коргоого жөндөмдүү болушу керек, анын легитимдүүлүгү көп жагынан коомдун ишенимине негизделет деп белгиледи. Тиешелүү укуктук механизмдерди түзүү менен, мыйзам чыгаруучу кѳпчүлүк бийликте турган адамдардын кадыр баркына болгон жогорку талаптарды коюуга укуктуу, анткени жарандарда алардын моралдык-этикалык жана адептик сапаттарына шек жаралбашы керек. Буга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу, бийликтин криминалдашуусу улуттук коопсуздукка коркунуч катары кароо менен, көргөзүлгөн максаттарга жетүү үчүн пассивдүү шайлоо укугунда айрым бир чектөөлөрдү колдонууга укуктуу (Бишкек жана Ош шаарлардын мэри болуп шайлануу).

 

 Төрагалык кылган                        Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы                       Меергуль Рыскулбековна Бобукеева