Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттык фракциялардан тышкары депутаттык топторду түзүү жана иш алып баруу Конституцияга карама-каршы келет деп бүгүн ушундай чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан кабыл алынды.

Ошентип, Конституциялык палатага жаран Э.А.Кочкарова жана Жогорку Кеңештин «Республика», «Ата-Журт» фракциялары «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдик жоболорун конституциялуу эмес жана Конституцияга карама-каршы келет деп табуу өтүнүчү менен кайрылышкан, ал Жогорку Кеңеште депутаттардын фракциясы менен катар иш алып баруучу депутаттык топтор сыяктуу депутаттардын биригүүсүнө жол берет.

 

Арыз ээлердин пикири боюнча, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 4-февралындагы № 12 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизип, жана Жогорку Кеңеште депутаттык топторду иш алып барууга мүмкүндүк түзгѳн, депутаттык фракциялардын ар кайсы депутаттык топтордун бөлүнүсүүнө алып келген, бул парламенттик көпчүлүк менен парламенттик оппозиция куруу жагынан да, мунун аркасынан келип чыккан натыйжалары жагынан да Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн коркунуч алдында коет.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 3-бѳлүгүнѳн Жогорку Кеңештин депутаты милдеттүү түрдө фракциянын курамында болушу керек экендиги келип чыгат, жана фракциядан башка депутаттардын кандайдыр бирикмелерин иштеши мүмкүндүгүнѳ жол бербейт.

 

Жогорку Кеңеште депутаттык топту түзүүгө жана анын иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк Конституциянын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет, анткени шайлоонун пропорциялуу системасы боюнча Жогорку Кеңешке ѳткѳн саясий партиялар жарандардын саясий ѳз эркин билдирүүгѳ кѳмѳк берет. Тигил же бул саясий партияга добуш берген шайлоочулар, партиянын шайлоо алдындагы программасын ишке ашырууга жана партиялык тизмеге киргизилген жарандардын Жогорку Кеңешке өкүл болушуна өздѳрүнүн макулдугун беришкен. Фракциядан бѳлүнүп, депутаттык топторго биригишкен депутаттар партиянын шайлоо алдындагы программасынын ишке ашырууда жолдоочу боло алышпайт, ушул менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешке ѳткѳн саясий партиялардын гана эмес, ошондой эле шайлоочулардын саясий укуктары бузулууда, себеби алар бул депутаттык топтордун программаларына жана мүчөлөрүнѳ добуш беришкен эмес жана бере да алышпайт.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

Мамлекеттик бийликтин жогорку өкүлчүлүк органынын депутаттары элдин бийлигин түздөн-түз чагылдыруунун түздөн-түз чагылдыруучу орган катары мамлекеттик бийликтин ээси болуп калышат жана ага ылайык, шайлоочу-жарандардын ар кайсы топторунун эркин жана кызыкчылыгын чагылдырат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо системасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү менен өз ара байланышып, жогорку өкүлчүлүк орган – Кыргыз Республикасынын парламентин калыптандыруу процесске активдүү жана түздөн-түз катышуусун аныктайт.

 

Шайлоо процесске катышкан саясий партиялар, саясий партиялардын съездинде талапкерлердин тизмесин көргөзүү боюнча чечимди кабыл алышат, алар ѳзүнүн партиялык көрсөтүлүшү менен макул болуп, шайлоочулардын укуктуу күтүүлөрүнө негиз берет, анда шайланган депутаттар партиялык фракцияларга барышат жана анын курамында өзүнүн ыйгарымдарын макулдашып ишке ашырууга чараларды көрөт. Партиялык тизменин курамындагы шайлоо алдындагы программасына ылайык депутат депутаттык фракциянын курамында шайланат.

Парламенттик фракциялар Конституциянын жоболоруна ылайык парламенттик механизмде негизги орунду ээлейт. Аталган конституциялык жоболордун мааниси, алардын өз ара байланышынан алып караганда, депутат фракциядан тышкары кала албайт жана эркин депутат боло албайт, же ѳзүнчѳ фракциядан тышкары депутаттарынын топторуна биригиши керек дегенди түшүндүрөт.

 

Парламенттин ишмердүүлүгү жана мындай уюштуруучу конструкциясы Конституцияда бекемделген, шайлоо процесстин жыйынтыгын сактап калууга багытталган, шайлоодогу элдик бийликти жөнөтүү учурунда партиялык-саясий мамилелерге арналган жана депутаттар тарабынан өзүнүн шайлануу шарттарынан артка чегинүүдө депутаттык көз карандысыздыкты колдонуу мүмкүнчүлүгүнө тоскоол кылуу максатына ээ, ошондой эле эл бийликке жана көп партиялуулукка каршы конституциялык башталышка каршы депутаттык мандатты атайылап колдонууга жол бербейт.

Конституциянын 70-беренесинин 3-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук мааниси, жогоруда белгиленгендей, депутаттын анын конституциялык укугу эмес, милдети катары фракцияда болушун бекемдейт. Конституция депутаттын өкүлчүлүк мандатын саясий партиянын депутаттык фракциясынын курамына ал тандалган тизме боюнча кирүүсү жана анда болуусу менен байланыштырат.

 

Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, императивдик мандатка байланышпайт, жана аны кайра чакырып алууга жол берилбейт. Ушундай депутаттын статусу фракциянын пикири менен дал келбеген өз пикирге жана көз карашына ээ болуу укугун берет, бул депутатка анын ички ынанымдарына жана шайлоочулардын кызыкчылыгына жооп берген чечимдерди эркин кабыл алууга мүмкүндүк берет. Бирок, бул депутаттын өзүнѳн да, парламенттик фракциядан да өкүлчүлүк мандатын колдонуу мүмкүндүгүн, эгер фракциядан чыгарылса, депутаттын фракциянын ишмердүүлүгүнө катышпашын, депутаттардын фракциядан тышкары депутаттык топ түзүшүн божомолдобойт.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашка түшкѳн ченемдик жоболор депутаттын фракциянын курамына кирбей, эркин депутат болууга укук берген, ошондой эле фракциядан тышкары депутаттык топтордун түзүүгѳ укук берген талашка түшкөн ченемдери, жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык түзүлүштөргө туура келбейт.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин жоболору башка болгон саясий көз караштагы жана фракциянын ичинде депутаттык топ түзгөн Жогорку Кеңештин депутаттын укугун карайт. Бул ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен каршылыгы жок, анткени депутаттардын пикирлерин бир фракциянын алкагында плюрализмди камсыз кылууга жана партиялык диктаттан качууга мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу, каралып жаткан маселе боюнча, ошондой эле жалпы фракциянын ишмердүүлүгү боюнча башка позициясы бар бир фракциянын депутаттары, убактылуу да, туруктуу да мүнөзгө ээ топторго биригүүгө укуктуу. Бирок, мындай топтор парламенттик фракцияларга мүнөздүү укуктарга ээ боло албайт.

Бул чечим боюнча судьялар Э.Ж.Осконбаевдин жана К.С.Сооронкулованын ѳзгѳчѳ пикирлери бар.