Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 9-бѳлүгүнүн 1-пунктунун, 17-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

2015-жылдын 15-апрелинде Конституциялык палата, КР Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына жана жергиликтүү судьяларга соттуулугу, анын ичинде алынган же жоюлган соттолгондугунун жок болуусу талаптарды караган «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 9-бѳлүгүнүн 1-пункту, 17-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пункту КР Конституциясына карама-каршы келбейт деп чечим чыгарды.

 

Н.М. Катагановдун ѳтүнүчү боюнча, соттуулугу алынган же жоюлган адамга карата судья кызматын ээлөөгө чектөө салган талашка түшкөн ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгүндө кепилденген адамдын эмгекке болгон укугун басмырлайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнѳ, 17-беренесине, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

Кыргыз Республикасы социалдык мамлекет болгондуктан, ар кимге эркин эмгектенүүгө кепилдик берет (Конституциянын 1, 42-беренелер). Эмгек адамдын ажырагыс байгерчилиги болуп эсептелет, аны таануу, сактоо жана коргоо – мамлекеттин милдети.

Эмгекти тандоого болгон укук жарандарга өзүнүн каалоосу боюнча эмгек ишмердүүлүгүн тандоо мүмкүндүгүн берүү дегенди түшүндүрөт, эгер анын шарты адамдын каржы, социалдык, руханий жана башка керектөөлөрүн канааттандырса.

Мамлекет жарандардын эмгекке болгон укугун толук ишке ашыруу үчүн шарт түзүп берет, аны менен кесипти жана эмгек ишмердүүлүгүнүн түрүн тандоодо бирдей мүмкүнчүлүктөрдү кепилдейт. Бирок, ар биринин өзүнүн эмгекке болгон мүмкүнчүлүктөрүн эркин пайдалануу, ишмердүүлүк түрүн жана кесипти тандоо укугу мамлекеттин жаранды конкреттүү бир кызмат менен камсыздоого милдеттендирбейт жана мамлекеттик бийлик органдарындагы тигил же бул кызматтарда ордуна иштөөнүн атайын тартибин мыйзамда бекитүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

 

Адамдын укугун жана эркиндигин бузулуулардан жана кол салуулардан коргоо, кармоо жана калыбына келтирүү соттук коргоого болгон конституциялык укуктун алкагында камсыздалат, ал акыйкаттуулук, көз карандысыздык, мыйзамдуулук жана тең укуктуулук принциптеринин негизинде бардык субъекттерге сот адилеттигине эркин жана бирдей укугун болжолдойт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сот аркылуу сот адилеттигин жүргүзүү ыйгарымын бекитилиши мамлекетке укук коргоо жана укукту ишке ашыруучу кызматтарында чагылдырылган социалдык ролун аткарууга мүмкүндүк берет. Укуктун үстѳмдүк принцибин бекитүүдөгү негизги роль так эле ошол соттко таандык. Укук коргоо жана укук колдонуучу мамлекеттик ишмердүүлүктүн түрү катары сот адилеттиги аркылуу сот бийлиги жүргүзүлөт, ал мамлекеттик жана коомдук жашоонун укуктук негиздерин, укукту бардык бузуулардан, аларды ким жасабасын коргоого тартылган.

 

Сот адилеттигинин коомдук-укуктук максаттары сот бийлигинин алып жүрүүчүлөрү катары судьялар аркылуу ишке ашырылат, алардын өзгөчө конституциялык-укуктук статусун аныктайт.

Ишмердүүлүгүнүн милдетинен жана мүнөзүнөн, милдеттеринин алкагынан жана коом менен мыйзам алдындагы жоопкерчилик деңгээлинен алып караганда, судьянын кызматы өзгөчө категорияга киргизилет. Ошондуктан, судьялык кызматка өзгөчө талаптар коюлат, ал сот ыйгарымдарын жөнү жок аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликтүү күчөтүү, ээсинин өздүгүнө, квалификациясына жана жүрүм-турумуна жогорку стандарттарды орнотуу менен чагылдырылат.

Судьянын кадыр-баркы жана бедели судьянын мурда соттолгондугунун бар болушу менен начарлашы мүмкүн, анын мурда соттуулугу, алынганын же жоюлгандыгынан тышкары.

Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы жѳнүндѳ айтса, Конституция, судья жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турганын жана өз ыйгарымдарын сактап калаарын бекиткен, ал эми бул талапты бузуу судьяны конституциялык Мыйзам менен аныкталган тартипте жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.

 

Соттук кызматка тандалып алынган адамдар жогорку моралдык сапаттар менен жөндөмдүүлүктөргө ээ болушу керек, ошондой эле укук тармагында тиешелүү даярдыктан жана квалификациядан өтүшү керек.

Мамлекеттин конституциялык маанилүү кызматтарын (жарандык жана атайын мамлекеттик кызмат, аскердик кызмат, мамлекеттик административдик жана саясий кызматтар) аткарып жаткан аныкталган бир адамдардын категориясы үчүн өзгөчө талаптарды орнотуу боюнча, адамдардын атайын укуктук статусунун күчүндө жол берилет.

 

Төрагалык кылган                                                           Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                              Чолпон Омоковна Осмонова